Президентти шайлоо 15-октябрда өтөт

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Эми эркин байкоочулар шайлоо комиссияларынын мыйзам бузууларын даттана алышпайт.

Президент Алмазбек Атамбаев «Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө  кол койду. Ага ылайык, президентти шайлоо октябрдын 3-жекшембисинде, 15-октябрда өткөрүлөт.

Эл өкүлдөрү мыйзам долбооруна 31-майда добуш беришкен: 106 депутат макул деп, тогуз депутат каршы болгон.

Түзөтүүлөр партияларга коюлган барьердин жетиден тогуз пайызга чейин көтөрөт (бул түзөтүү 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет), ал эми шайлоого катышуу үчүн күрөөнүн суммасы болсо 100 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтөт.

Гендердик балансты сактоо үчүн түзөтүүлөрдө төмөнкүдөй эреже киргизилмекчи: эгерде мандаттан аял депутат баш тартса, анын ордуна башка аял гана келе алат, ошондой эле мандаттан эркек депутат баш тартса, анын ордун эркек депутат гана ээлей алат (бул түзөтүү 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет).

Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр боюнча, эркин байкоочулар шайлоо комиссияларындагы мыйзам бузуулар тууралуу даттана алышпайт жана бир шайлоо участогунан башка участокко бара алышпайт.

Байкоочуларга алдын ала катталууга туура келет жана бир участокто бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана байкоочу көз сала алат.

«Кандай гана жол менен болбосун басым көрсөтүп жатат»

Шайлоодо байкоочуларга чек койгон түзөтүүлөр коомчулукта талкууга жол ачкан.

Укук коргоочулар мындай эреженин киргизилишине каршы болушуп, Ак үйгө митингге чыгышкан. Анткени түзөтүүлөр эркин байкоочулардын укуктарын чектейт дешет алар.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын оюнча, жарандык коомго коюлган мындай чектөөлөр ачык шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук гана жаратат.

«Орусиядагыдай, Казакстандагыдай жарандык коомго чектөө коюлуп атат. Бара-бара бийлик жарандык уюмдар эч нерсе менен алектене албай калышы үчүн кандай гана жол менен болбосун басым көрсөтүп жатат», — деп билдирди ал.

Ошурахунованын айтымында, бул түзөтүүлөр Конституцияга каршы келет.

Бирок демилгечилердин ою боюнча бул түзөтүүлөр эч кандай укукту чектебейт.

Президенттик КСДП фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов Kloop.kgге айткандай, көз карандысыз байкоочуларды «чет элдик демөөрчүлөр тарабынан каржыланганы жана шайлоонун жыйынтыктарына таасир этип коюшу мүмкүн болгону үчүн» чектеш керек.

«Өкмөттөн эркин уюмдар тыштан каржыланып жатканын көрүп турабыз. Алар кайсы бир партияларга, талапкерлерге кызыкчылыгы болушу мүмкүн», — деген Айнакулов.