Бишкектин чет жакасында жоголгон балдар Оштон табылды

Ош облусунун милициясы эки күн мурда Бишкектин чет жакасында жоголгон үч баланы таап алды. Укук сакчылары окуянын жагдайларын териштирүүдө.

Милициядан кабарлашкандай, дайынсыз жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунан табылган. Балдарда баары жайында.

«Алар туугандарыныкына кеткени аныкталды. Кантип өлкөнүн башка бир четине кетип калганы азырынча белгисиз», — деп айтышты ИИББделигер.

Чүй облусундагы Панфилов районунун милиционерлери дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Рамазанды, 9 жаштагы Тахминаны жана 8 жаштагы Айгеримди эки күн бою издешкен.

Үч кичинекей бала Панфилов айылынан 5-июнда чыгып кетишип, үйлөрүнө кайтып келишкен эмес.

Кантип мектеп окуучулары 600 километрден ашык аралыкка өз алдынча кетип калганын милиция териштирип жатат.