Бишкек: Мэрия Кара жыгач токойчосундагы «мыйзамсыз» жер тилкелери үчүн соттошот

Кара жыгач токойчосунун аянтынын бир бөлүгү 1989-жылы жеке менчикке бөлүнүп берилген. Ал жерде бактарды кыюу иштери жүрүп жатат. Свердлов райондук администрациясы айрым жер тилкелери «жасалма документтер» менен бөлүнүп берилгенин аныктап чыккан. Шаар бийлиги ар бир жер тилкеси үчүн соттошуп жатат.

Паркка жакын жашаган тургундар 2017-жылдын апрелинде ЖМК менен байланышып, сейил бактагы дарактардын кыйылып жатканын билдирип чыгышкан.

Бактарды кыюу иштери парктын беш сотых жеринде жүргөн. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, дагы он сотых жердин кыйылышы пландалып жаткан. Сейил бактын администрациясы дарактардын кыйылышын токтотуп кала алган эмес. Анткени парктын аймагынын бир бөлүгү жеке менчикке берилип кеткени ачыкка чыккан.

Документтерге ылайык, бул аймак курулуш үчүн 1989-жылдагы токтом менен берилип кеткен.

1989-жылдагы токтом

Свердлов райондук администрациясы өз архивиндеги документтерди изилдеп чыгып, ушундай эле токтом менен дагы 45 жер тилкеси берилгенин аныктап чыккан. Бирок бактарды кыюу үчүн мамлекеттик акты 2010-жылы гана чыгарылган.

«Жер тилкелери жасалма документтердин негизинде бөлүнүп берилгенин аныктап чыктык. Биз бул мамакттардын жокко чыгарылышы жана бактардын кыйылышын токтотуу тууралуу доо арыз жаздык», — деди Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков.

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун айтымында, Кара жыгач токойчосу дал ошол 1989-жылдагы токтомдон улам 40 пайызга кичирейип кеткен.

Мэрдин сөзүнө караганда, сейил бакта жалпы 270 талаштуу жер тилкеси бар. Бийликке ар бир жер тилкеси үчүн соттошууга туура келет. Бул жараян соңку жети жылдан бери уланып келет, азыркы күнгө чейин бийлик алардын 50сүн утуп чыккан.

«Курган кишинин күнөөсү жок. Күнөөлүү ошол акимиатта жер тилкелерин бөлүп бергендер. Алар өздөрүнүн жазасын алышты. Акимдер, орун басарлары, "жер мафиясы" деп аталгандардын баары жер тилкелерин бөлдүрүү боюнча иштерди улантууга аракет кылып жатышат», — деди Бишкек мэри Албек Ибраимов.

Жердин мурдагы ээлерине мамлекеттин эсебинен кун төлөнүп берилет.

«Биз ал адамдарга [жерин] компенсация кылып беришибиз керек. Учурда кун үчүн бизде кошумча жер жок, бизге 570 гектар жер керек. Чүй облусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Ибраимов.

Кара жыгач токойчосу — Бишкектин түндүгүндө жайгашкан чоң парк. Бактар совет дооруна чейин окумуштуу-ботаник Алексей Фетисов тарабынан отургузулган. Фетисов жана анын окуучулары саз жерди кургатышып, бак-дарактардын 50дөн ашуун түрүн тигишкен.

Сейил бактагы дарактардын көпчүлүгү Кыргызстандын ландшафты менен жаратылышына мүнөздүү болбогон өсүмдүктөр — Фетисов аларды башка өлкөлөрдөн табыштап алдырган.

Кара жыгач токойчосу — өзгөчө коргоого алына турган аймактарга кирген тарыхый эстелик. Тарыхый эстеликтерди коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга карабастан сейил бактын аймагын басып алышып, 20 жылдан ашык убакыттан бери бак-дарактар кыйылып, курулуш иштери жүрүп келген.

Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, парктын аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 2015-жылдын жаз айына чейин тыюу салынган.

Бирок 2015-жылдын март айында мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен тарыхый жана маданий эстеликтердин аймагында курулуш жүргүзүү мүмкүн болуп калган. Жерди улам басып алуунун натыйжасында парктын аянты 216 гектардан 130 гектарга чейин азайган. Сейил бактын 40 пайыздан ашык бөлүгү үй курулушу үчүн басып алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: