Чолпон-Атанын мэрине кылмыш иши козголду

Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге каршы Бостери айылындагы таштанды талаасы боюнча кылмыш иши козголду.

Ысык-Көл райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жүрүшүндө таштанды төгүлүп жаткан Бостери айылындагы жер тилкесине бийликтин актысы жок болгону аныкталган.

Андан тышкары, бул жерди катуу таштандылар үчүн полигонго айлантыш үчүн расмий уруксат кагазы болгон эмес жана эч ким таштандынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири боюнча баа берген эмес.

Таштанды талаасы 1976-жылы пайда болгон. Мамэкотехинспекция ал жерди 2017-жылдын 24-мартында жабууга буйрук берген, бирок Чолпон-Атанын бийлиги полигонго таштанды төгүүнү уланта берген.

Анда Мамэкотехинспекция Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылган болчу.

Чолпон-Атанын мэрине каршы «Айлана чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.


ТЕМА БОЮНЧА: