Бакыт Төрөбаев президент болуп шайланып калса кортежден баш тартат

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысы болуп кала турган болсо кортежден, эс алууга жана тамак-ашка кеткен каражаттан баш тартаарын билдирип чыкты.

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын съездинде билдиргендей, эгерде президент болуп калса, кортежди пайдалануудан баш тартат.

Андан тышкары, Төрөбаев президенттин эс алуусуна жана тамак-ашына бөлүнгөн каражаттан да баш тартууга убада берди. Ал мамлекет башчысы ар жылы курултай өткөрүп эл алдында отчет бериши керек деп эсептейт.

«Президент жыл сайын улуттук курултайда эл менен парламенттин алдында отчет бериши керек. Эгерде кийинки президент Конституциядагы чектөөлөргө шылтап өлкөнүн символу гана болгусу келсе, анда бизге мындай президенттин кереги жок!» — деди ал.

Съездге катышкан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын делегаттары Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Бакыт Төрөбаев — президенттикке ат салыша турган талапкердин бири. Өлкө башчысын шайлоо ушул жылдын 15-октябрына белгиленген.

Президенттик жарышка катыша турганын учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев, ошондой эле камактагы оппозициячылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров да билдиришкен.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин Сариев, Текебаев жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен үч талапкер тапшырышкан. Алар: укук коргочу Рита Карасартова, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов жана «Кыш болбойт» мэминин автору Арстанбек Абдылдаев.