Абдырахманов Текебаев миллион доллар пара алганын сотто билдирди

Өмүрбек Текебаевдин мурдагы партиялашы Өмүрбек Абдырахманов сотто саясатчы орусиялык ишкерлерден 1 миллион АКШ долларын кантип алганын айтып берди.

Мурдагы депутат Абдырахманов Текебаев аны орусиялык ишкерлер менен жолугушуу үчүн декабрдын аягында, 2011-жылдын январь айынын башында өз бөлмөсүнө чакырганын сотто айтып берди.

Ал делегациядагы адамдардын ысымдарын ачыкка чыгарган жок, бирок өз көрсөтмөлөрүндө алардын бири орусиялык ишкер Леонид Маевский болгонун белгиледи.

Абдрахманов билдиргендей, ал жолугушууда акча берүү жөнүндө сөз болгон эмес, бирок ал Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун 1 млн доллар пара алганын билип калган.

Бул тууралуу ал Чотоновдон түз эле сураганда Чотонов ага «Жок-жок, эмне деп атасыз, байке?» деп жооп берген.

Абдырахмановдун айтымында, кафеде Текебаев жана Чотонов менен болгон жолугушуу учурунда Чотонов Текебаев экөө орусиялык ишкерлерден пара алганын мойнуна алган.

«Муну уккан Текебаев жинденип, "Сенин ишиң эмне? Партиянын иштерине кийлигишпе" деп кыйкыра баштаган. Биз чырдашып, анан мен кетип калгам», — деди Абдырахманов.

Текебаев болсо сотто Абдырахмановдун сөздөрүнөн шектенип, анын сөздөрү дайыма эле өзгөрүп тураарын айтты.

«Сиз Маевский менен жолугушуу январь-февраль айларында болгон деп көрсөтмө бергенден кийин, биз сиздин АКШда болгонуңузду айттык. Маевский көрсөтмөсүн өзгөртүп, жолугушуу февралда эмес, декабрда болгон деп айтты», — деди Текебаев.

Андан кийин судья соттук отурум 29-июнда каралаарын жар салды.

Текебаев менен Чотоновго каршы кылмыш иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чотонов менен Текебаевди ушул жылдын февраль айында кармаган. Саясатчылар коррупция боюнча айыпталып жатышат.

Саясатчылардын камалышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы себеп болгон. Орусиялык ишкердин арызында айтылгандай, Текебаев «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүнү убадалап, Маевскийден бир миллион доллар алган.

Тергөөчүлөрдүн оюнча, Чотонов Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Чотонов да коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен саясатчыларды коё берүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.