УКМК теракт жасоону пландоого шектелген төрт жаранды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чек ара аймактарында бир катар теракттарды пландоого шектелген төрт кыргызстандыкты кармады.

Тергөө версиясы боюнча, кармалгандар терактты жасоо үчүн колдо жасалган жардыруучу түзмөктөрдү жана ок атуучу куралдарды колдонууну пландашкан.

«Кармалгандар чек ара аймактарында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн бир нече террористтик акттарды жасоону пландашкан», — делет УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тергөөчүлөр терактты даярдоо жана каржылоо, курал-жарактарды жана жардыруучу түзмөктөрдү сактоо, куралчан топторду түзүү жана экстремисттик уюмдун символикаларын жайылтуу факттары боюнча кылмыш иштерин козгошкон.


ТЕМА БОЮНЧА: