Талас: Журналисттер дарыяга чөгүп мерт болду

Next TV телеканалынын аткаруучу директору менен кабарчысы Таластагы Беш-Таш дарыясына чөгүп кетишти. Каза тапкандардын экөөндө тең арттарында балдары калышты.

Куткаруу кызматына маалымат 1-июль күнү кечинде түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча кабарчы Элмира Сүйүтбекова дарыяга жуунганы барып, тайып сууга түшүп кеткен.

Журналисттин жетекчиси Сүйүн Өмүрбеков аны куткаруу максатында дарыяга секирип, натыйжада экөөнү тең суунун агымы алып кеткен.

Кесиптештери экөөнү жээкке алып чыгарышканы менен дарыяга келген куткаруу кызматы аларды эс-учуна келтире алган эмес.

Сүйүн Өмүрбековдун артында боюнда бар аялы менен үч баласы, Элмира Сүйүтбекованын төрт баласы жетим калышты.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: