Салянованын агасына студент кыздын өлүмү боюнча издөө жарыяланды

Милиция 2014-жылдагы 18 жашар Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Калыбек Элтуйбасовго (Саляновго) издөө жарыялады. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал иликтөө үчүн керек болгон видеобайкоодогу тасманы өчүрүп салган болушу ыктымал.

Тергөө Элтуйбасов (депутат Аида Салянованын агасы) студент кыздын өлүмү боюнча «ар тараптуу жана калыс» иликтөөгө тоскоолдук жараткан болушу ыктымал деп эсептейт.

Милиция аныктап чыккандай, Элтуйбасов менен Бишкектеги сауналардын биринин кожоюну иликтөөгө жардам бере турган мекеменин видеобайкоосундагы жазманы өчүрүп салышкан.

Милиция «Тергөө өндүрүшүнө тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Элтуйбасовго издөө жарыялады.

Ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2014-жылдын жаз айында 18 жаштагы Камила Дүйшөбаева үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Дүйшөбаеванын сөөгүн бир аптадан кийин Бишкектин чет-жакасындагы көрүстөндөн табышкан. Кыздын мойнуна муунткандан кийинки издер, башында болсо жаракаты болгон.

Элтуйбасов студент кыздын өлүмүнө тиешеси бар экенин четке кагып келет. Ал эми анын тууганы, мурдагы баш прокурор жана азыркы депутат Аида Салянованын оюнча, агасынын суракка алынышы — душмандарынын жаман ой менен изденүүлөрү.

«Меникиндей таасирлүү душмандар башка бир да адамда жок болсо керек. Анын кесепетин мен парламенттик ишмердүүлүгүмдө да байкайм», — деген ал былтыр жайда.


ТЕМА БОЮНЧА: