Атамбаев ислам динин араб маданияты менен алмаштырбай илим менен алектенүүгө чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев ислам дини менен арабдардын маданиятын алмаштырбай тарыхты окуп, илим менен алектенүүгө чакырды. Атамбаев бул билдирүүнү мугалим, дарыгер, дыйкан жана маданият ишмерлерине сыйлык тапшыруу учурунда айтты.

Атамбаев 12-июлдагы салтанатта «илим менен алектенүү бир түн намаз окуганга барабар» деп билдирди. Ал ошондой эле кыргызстандыктарды «ислам дини менен араб маданиятын алмаштырбай», тарыхты изилдеп, аалам кандай түзүлгөнүн карап чыгууга үндөдү.

Атамбаев өзүнүн билдирүүсүн мугалимдер менен врачтарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты. Өлкө башчынын айтымында, бюджеттик каражаттардын көбүн билим берүүгө жумшаш керек.

«Биз бюджеттик каражаттардын 24% билим берүү тармагына бөлүнүшүнө жетиштик. Дүйнөнүн эч кайсы жеринде мындай көрсөткүч жок. Ошондой эле бардык көйгөйлөргө карабастан билим берүүгө 24% акча бөлүнуп жатканын туура деп ойлойм, анткени биздин байлык — бул биздин эл. Биздин келечек — билимдүү адамдар», — деген Атамбаевдин сөздөрүн 24.kg басылмасы жарыялады.

Президент дин менен маданиятты айрымалай билүү керек экенин биринчи жолу гана айткан жок. Атамбаев бир жыл мурун бүткүл Кыргызстандын аймактарына «Кайран элим, кайда бара жатабыз» деген көрнөктөрдү илүүгө демилгечи болгон.

Анда ал кыргызстандыктарды тил жана маданиятты сактоого чакырган.

«Баары ушундан башталат. Бөтөн кийим, бөтөн тил, андан кийин баш кесүүлөр менен аяктайт. Ким куранды окуса ал эмне деп жазылганын билет: "Адам өлтүрүү менен силер бүтүн дүйнөнү өлтүрүп жатасыңар". Ислам — тынчтыктын жана жакшылыктын дини», — деп айткан Атамбаев бир жыл мурун.

Соңку бир нече жылдарда Кыргызстандын бийлиги дин маселелерине кылдаттык менен карай баштады. Ал эми 2014-жылы өлкөдө мамлекеттин дин саясаты боюнча жаңы концепция кабыл алынып, бул багытта көзөмөл күчөтүлгөн.

Бийликтин билдирүүсү боюнча, аталган концепция экстремизм жана радикалдык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө жардам берет.

Бирок эксперттердин айтымында, адамдардын экстремизмге тартылуусу биринчи кезекте социалдык-экономикалык, жакырчылык сыяктуу маселерге байланыштуу. Адамдардын динге ишенүүсүн көзөмөлгө алуу мыйзамга баш ийген конфессияларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: