Мектеп окуучуларын сүзүп кеткен айдоочу сегиз жылга кесилди

Ленин райондук соту мектеп окуучуларын сүзүп кеткен айдоочуну жегиз жыл жатак абагына кести. Буга чейин окуучулардын ата-энелери кылмыш ишин токтотууну каалашкан, бирок сот алардын каалоосун четке каккан.

Эки мектеп окуучусун сүзгөн Мирлан Ажыбековго карата сегиз жыл жатак абагына кесүү боюнча өкүм чыкты жана ага үч жыл ичинде автоунаа башкарууга тыюу салынды.

Окуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов айдоочу балдардын ата-энелерине чыгымдарды төлөп бергенин айтып, күнөөкөрдүн жаза мөөнөтүн кыскартууну суранды.

Буга чейин окучулардын ата-энелери каршылаш арыз жазып, айдоочуга карата коюлган дооматтарынан баш тартууну каалашкан, бирок сот алардын бул арызын четке каккан.

«Жабыркаган тарап каршылаш арыз жазышкан, анткени аларга келтирилген материалдык жана моралдык зыян төлөнүп берилген. Бирок айдоочу кырсык учурунда мас болгону үчүн иш токтотулган эмес», — деди адвокат Токтосунов.

Мектеп окуучары кабылган жол кырсыгы

Мектеп окуучуларын ушул жылдын 21-апрелинде Бишкектин Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө сүзүп кеткен.

Чоң ылдамдыкта келе жаткан Ажыбеков мектептин жанындагы жөө кыядан мектеп окуучуларын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Мектеп окуучуларын оор абалда оорукана жеткиришкен. Беш саат убакыттан кийин айдоочу «досуна шашып» жаткандыгын жүйөө кылып, күнөөсүн мойнуна алып милицияга өзү келген.

Тергөө учурунда жабыр тарткан окуучулардын үй-бүлөсү айдоочунун туугандарынан келип жаткан коркутууларды айтып арызданышкан. Анда ички иштер министри Улан Исраилов окуяны өзүнүн жеке көзөмөлүнө алаарын убада кылган жана милиция жабыр тарткан окуучулардын туугандарын кайтарууга алган.

Жөө өтмөктөн окуучуларды сүзгөн окуя коомчулукта чуу жараткан. Коомдук желелердин колдонуучулары петиция түзүшүп, бийликтен «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну талап кылышкан. Долбоор боюнча Бишкек шаарына видео байкоо жабдыктары орнотулмак.

Сүрөт: «24.kg».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: