Атамбаев Турсунбековду КСДПдан чыгаруу боюнча оюн айтты

Президент Алмазбек Атамбаев парламент спикери Чыныбай Турсунбековду КСДП өз катарынан «чыгарыш» керек деп билдирди. Социал-демократтар башка талапкерди президенттикке көрсөткөнүнө карабастан Турсунбеков президенттик шайлоодо өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыгып жатат.

Атамбаев биринчи жолу КСДПнын ичиндеги чыр-чатак боюнча ой-пикирин билдирди. Партия ичиндеги келишпестик дароо эки мүчөсү президенттик кызматка ат салыша турганын айткандан кийин пайда болгон.

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков КСДПнын мүчөлөрү бир добуштан учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөнүнө карабастан президенттик шайлоого талапкер болгусу келгенин билдирген.

«Партиянын съездинде чечим чыгарылгандан кийин партиянын мүчөсү аны аткаруудан баш тартса, ал партиядан чыгарылышы керек. Бул жакшы көрсөткүч, бул КСДПдагы демократияны көрсөтөт деп эсептейм», — деген Атамбаев.

Президент Турсунбековдун президенттикке ат салышуу чечимин «жаңылыштык» деп атады.

«Мен Чыныбай Турсунбековго эмне деп айта алам? Чыныбай Акунович жакшы иштеди, фракциянын жакшы башчысы болду. Бирок жаңылбаган адам болбойт», — деп билдирди президент.

Турсунбеков өзү КСДПнын 15-июлда өткөн съездинде президенттик шайлоого бараарын билдирген. Анын айтымында, эгерде партиядан эки талапкер чыга турган болсо, анда КСДП «эки эсе көп» добуш топтойт.

«Биз, бул бир залда отургандар жалпы иш үчүн күрөшкө даярбыз. Бул деген эч кандай пикир келишпестиктер жок экендигине мыкты далил. Ошондой эле эки талапкер добуштун баарын талап кетет деп коркпош керек, добуштар эки эсе көп болот. Тарапкерлер Сооронбай Жээнбековдо дагы жана Чыныбай Турсунбековдо да бар», — деген ал сүйлөп жатып.

Ал съезддин жүрүшүндө сөз сүйлөп жаткан учурда залда партия мүчөлөрү кол чабуулар менен анын сөзүн бөлгөнгө аракет кылышкан.

Турсунбеков азырынча БШКга документтерин тапшыра элек, КСДПдан расмий түрдө президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: