Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйында президенттин айткандарын кыскача баяндайбыз.

Атамбаевдин басма сөз жыйында сүйлөгөн эң маанилүү сөздөрү:

Жогорку Нарын ГЭСи боюнча Орусия менен кызматташуудан баш тартуу «туура» болду. Эгерде Liglass Trading CZ чех компаниясы Кыргызстандын «РусГидро» компаниясынын алдындагы $37 млн карызын жаппаса, анда башка инвесторлорду издейбиз.

___________________

Шайлоонун жыйынтыгын, кандай чыкса да, кабыл алам. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков — КСДПдан шайлоого аттанган жалгыз талапкер, ал эми парламент спикери Чыныбай Турсунбеков бул чечимге макул болбосо, партиядан чыгышы керек.

___________________

Эгерде Жээнбеков болбогондо, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдомокмун. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү убадалайм.

___________________

Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскердик базасын жайгаштыруудан коркпойм, анткени Орусия «Кыргызстандын жерине кызыкдар эмес». Бирок, акыры-аягы базаны жайгаштырабы-жокпу алар өздөрү чечишет, анткени бул «аябай чоң акча».

___________________

«Занозага» каршы доо арыздарды кайтарып албайм, анткени алар «жалакорлор». «Заноза» менен соттук териштирүүлөрдөн тынчтык жолу менен чыгуу жолун көргөн жокмун, анткени «сабак бергим келет».

___________________

Согушка барып, кудай үчүн өлтүргөндөр — Куранды окубаган, араб тилин билбеген «кеңгирегендер». Диний билим берүү — эң башкысы.

___________________

«Белизгейт» жөнүндө унута элекмин, бул иш боюнча маалымат алып турам. Эгерде документтер далилденбесе, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жооп берет.

___________________

Президенттиктен кийин мен эч кандай кызматты ээлебейм. Кызматтарга менин аллергиям бар, бирок мен болочоктогу президент менен жаңы жетекчиликке жардам бергенге даярмын.

___________________

Айрым «НПОчулар» менен саясатчыларды жактырбайм. Колумдан келсе, аларды ким каржыласа ошол өлкөлөргө учак менен жөнөтмөкмүн.

___________________

Ишкердик үчүн шарттарды түздүк. Кыргызстан бизнес үчүн бейиш болушун, өлкөдө көптөгөн бай ишкерлер болушу каалайм.

___________________

Кыргызстандын кулатылган президенти Аскар Акаевди кечирбейм.

___________________

2017-жылга чейин Улуттук өнүгүү стартегиясы толугу менен ишке ашпай калганында коркунуч жок. Азыр жаңысы даярдалып жатат, анын үстүнөн эксперттер иштеп жатышат.

___________________

Кытайдан келген темир жол Кыргызстан аркылуу өтүшү керек, болбосо анын бизге кереги жок. Биз жаңы долбоор жасадык, Кытай менен Өзбекстан бизди түшүнүштү окшойт.

___________________

Кыргыз «Моссадынын» жок экени өкүнүчтүү, болбосо Жаныш Бакиевди таап жазасын беришмек.