Бекназаров улут аралык кастыкка чакырбаганын билдирди

Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров «Кыргызстан кыргыздар үчүн» деген сөзү менен эмнени айткысы келгенин түшүндүрү. Анын айтымында, ал улут аралык кастыкты козутууга эмес, «Акаевдин башкаруусун жоюуга» чакырган.

Бекназаровдун айтымында, «Ата журт» партиясынын курултайында айткан «Кыргызстан кыргыздар үчүн керек» деген сөздөрүндө улут аралык кастыкты козутууга чакырган эч нерсе жок.

«Мен “Эй, өзбектер, силер андайсыңар, тажиктер, орустар, тигиндейсиңер” деп айткан жокмун. Мен жалпыбыздын үйүбүз болгон Кыргызстанды бузгум келген эмес, мен Акаевдин үйү, анын үй-бүлөсүнүн башкаруусу жөнүндө айткам», — деп түшүндүрдү ал.

Саясатчынын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин анын кумири, анткени ал этникалык орустарды өз өлкөсүндө чогулткан.

«Мен бөлүнүп кеткен кыргыздарды бириктиргим келет. Мен Акаевдин жалпы үйүн жок кылам. Кыргызстан бир эле президенттин эмес, бардык элдин үйү болот. Өлкөнү бөлүп-жардырбайбыз», — деп билдирди ал.

«Ата журт» саясий партиясынын 18-июлда өткөн курултайында Бекназаров «Кыргызстан кыргыздардын мамлекети» деп билдирген.

«Биздин саясат, биздин президенттер кыргыздар үчүн иштеши керек. Акаев куруп кеткен “жалпынын үйү” дегенди бузушубуз керек», — деген ал.

Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бекназаровдун сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу бар-жок экени боюнча экспертиза жүргүзөөрүн билдирген.

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи президенти жана 2005-жылы жоогазын көтөрүлүшү учурунда кулатылган. Ал дайыма «Кыргызстан — жалпыбыздын үйүбүз» деп айтчу. Бур ураан өлкөдө жашаган бардык элдер тең экенин көрсөтүү үчүн пайдаланылган.

Азимбек Бекназаров — мурдагы баш прокурор жана парламент депутаты. Ал Кыргызстандын президенттигине өз талапкерлигин койгон. Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт.