Текебаев менен тарапташтары саясатчыны тил сынагына киргизбесе ачкачылык жарыялашат

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев башкарган «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү БШКдан саясатчыга кыргыз тили боюнча сынак тапшырууга уруксат беришин талап кылышты. Талабы аткарылбаса, депутат менен анын тарапташтары ачкачылык жарыялашмакчы.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге кыргыз тили сынагына кирүүнү камсыздап бербегенине нааразы болушту. Сот да коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып жаткан саясатчыны ТИЗОдон тил сынагын тапшырууга коё берген эмес.

«Жакында Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча тест тапшырайын десе, БШК биздин талапкердин укугун камсыздап берген жок. Ошондуктан ачкачылык жарыялагандан башка жолду көрбөй атабыз», — деди Асия Сасыкбаева.

Мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруу — президенттик шайлоого катышуунун негизги талаптарынын бири.

Текебаевдин өкүлдөрү БШКга 26-июлда кайрылышып, анын кыргыз тилден сынак тапшырышы боюнча керек болгон бардык нерсени жасоону талап кылышкан.

Бирок Боршайком оппозициячыга сотко кайрылуу керек экенин сунуш кылган. Анткени мыйзамда президенттикке талапкер ТИЗОдо жатса, эмне кылыш керек экени тууралуу жазылган эмес.

БШКдагылар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Текебаевди сынак тапшырууга шарт түзүп бериши тууралуу өтүнүч кат жолдой турганын айтышты.

«Ата Мекендин» юристи Канатбек Азиздин оюнча, Боршайком милдеттенмелерди башка бийлик органдарына жүктөп, өзүнөн жоопкерчиликти алып салууда.

«БШК талапкерлерге бирдей укуктук шарттарды түзүп бериши керек деп жазылган. Аны жумуштук комиссия да, сот да, же башка орган да кылбайт», — деди ал Kloop.kgге.

Азиздин айтымында, Текебаевди качан эле коштомо күзөт менен тест тапшыруу борборуна алып барышса болмок.

«Текебаевдин шайлоодон четтетиш үчүн максаттуу акция өтүп атат. Мамлекеттик тилден сынак тапшыруу видео эфир менен коштолушу керек. Бийлик Текебаев соттордогу башаламандыктар тууралуу айтып берет деп коркуп атса керек», — деди юрист.

Азиз кошумчалагандай, Текебаев кыргыз тили боюнча сынакты 10-августта тапшырмакчы.

Текебаевдин иши

Оппозициялык саясатчы ТИЗОдо 2017-жылдын февраль айынан бери коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып камакта. Бирок ал президенттик шайлоого катышыш үчүн Боршайкомго документтерин тапшырган.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, «Мегаком» уюк операторун башкарууга мүмкүнчүлүк алып берүүнү убадалаган.

Текебаев өзү жана анын адвокаттары бул ишти оппозициячыны президенттик шайлого катыштырбаш үчүн саясий буйрук деп атап жатышат. Текебаев — президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына сын-пикир айткандардын бири жана өлкө башчысы демилгелеген 2016-жылдагы Конституциялык реформага каршы чыккан саясатчы.