Орус бийлиги Феруздун арызы каралып бүтмөйүнчө өлкөдөн чыгарбашы керек

Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) орус бийлигине Али Феруздун иши Страсбург сотунда каралып бүткүчө Өзбекстанга кетирбөө буйругун берди. Мурдараак Москванын Басман соту «Жаңы гезиттин (Новая газета)» журналисти Али Ферузду миграциялык мыйзамды бузганы үчүн өз өлкөсүнө чыгаруу боюнча чечим чыгарган.

Европа соту Феруздун өлкөдөн чыгарылышы адамдын ден соолугуна жана жашоосуна зыян алып келишин себеп кылып чечим чыгарган.

Европа сотуна арызды «Мемориал» укук коргоо уюмунун юристтери Кирилл Коротеев менен Татьяна Глушкова жөнөткөн.


Полиция Ферузду 1-августта кармаган. Ошол эле күнү Москванын Басман соту 1-августта Ферузду «миграциялык мыйзамдарды бузганы» үчүн Өзбекстанга кетирүү чечимин чыгарган.

Али Феруз Өзбекстандын бийлиги менен болгон начар мамилеси үчүн Орусияга 2011-жылы башпаанек издеп келген. Ал эми 2008-жылы Феруз Өзбекстандын атайын кызматы тарабынан уурдалган. Анда аны эки жума бою өз катарына тартууну аракет кылышкан.

Орусия бийлиги ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле, Али Феруздун 2012-жылы паспорту уурдалып документин калыбына келтире албай койгон, анткени бул учурда ага Өзбекстанга кайтуусуна туура келмек.

Москвада ал «Жаңы гезиттин (Новая газета)» редакциясында эмгек кылып жүргөн. Ошондой эле, Басман соту журналистти Орусиядан Өзбекстанга кетирүү өкүмүн чыгаргандан соң, ал «Мен Өзбекстанга баргандан көрө өлүп калганым жакшы» деп айтып өз жанын кыюуга аракет жасаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: