Жалалдин Абдувалиевдин 16 жашында толугу менен көзү көрбөй калган. Жаш бала оор жана узакка созулган санаа тартууга чөгүп, мындан ары кантип жашап, эмне кылаарын билбей калган. Учурда Жалалдин Кыргызстандын триатлон боюнча чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Азия чемпиону.

Материалдын түп нускасы Открытая Азия (Ачык Азия) басылмасынын сайтында жарыяланган.

Жалал-Абаддын көзү азиз спортчусу Жалалдин Абдувалиев триатлон боюнча Азия чемпионатында коло медал жеңип алган. Бул спорттун түрү өзүнө (750 метрге) сууда сүзүүнү, (20 км чакырымга) вело жарышты жана (5 км чакырымга) чуркоону камтыйт, башка спортчуларга салыштырмалуу Абдувалиев бул аралыктарда жеңүүчү болуп чыгат.

Баяндама Жалалдин Абдувалиевдин сөзүнөн жазылып алынды.

Сүрөт: Фэйсбук.

Мен апамдын өңү кандай экенин билем, мен асманды көргөм, бирок ушундай «тубаса катаракта» илдети менен жарык дүйнөгө келгем. Бала кезимде менин бир эле көзүм көрчү.

Мага эки жашымда доктурлар операция кылууну сунушташкан. Бирок ата энемдин каражаты жок болчу.

Ошондон тартып алар өздөрүнө көзүмдүн көрүүсүн кайтаруу боюнча максат коюшкан. Сегиз жыл өткөндөн кийин мен он жашка чыкканда мага операция жасалган, бирок операция жардам берген жок.

Себеп дегенде абдан кеч болуп калып дарт жарым көзүмдү «жеп» салган, ал эми экинчи көзүм начар көрө баштаган. Ошондо мен көзүмдүн көрүүсүн жоготуп жатканымды түшүнгөм.

Менин көзүм жаман көргөндүгүнөн улам, мектепте мени биринчи класска алууну каалашкан эмес, себеби мен дептердин сызыктарын айрымалап көрүп жаза алчу эмесмин. Жети жашымда ошентип колума кучак гүл кармаган бойдон мектепке барбай калгам.

Абдан жиним келип бир жыл бою жаңы кабыл алууга даярдангамым эсимде. Сегиз жашымда гана мектеп партасына отурдум.

Мен бактылуу болгом. Мен кадимкидей эле мектепте тогуз классты бүтө алдым. Ал жакта акыркы 15 жылда окууну эң жакшы бүтүргөн окуучу болгон элем.

Андан соң коллежге тапшырдым, бирок тилекке каршы окууну уланта алган жокмун. Анткени ата-энеме жардам беришим керек болчу.

Сүрөт: Жаныбек Султанбеков.

Менин балалыгым татаал болду, 11 жашыман талаада иштедим, анткени менин атам майып болгондуктан апама жардам берүүм керек эле.

Түнкүсүн кафеде официант болуп иштеп кошумча акча тапчумун. Ал кезде менин көзүм дагы деле 60 пайыз көрчү. Бир жолу үйлөнүү тойун тейлеп жүргөнүмдө эч себепсиз эле мас болуп калган коноктордун бири сабап салган.

Ал мени жерге жыгылтып жанагы көрүп жүргөн көзүмө тепкилей баштаган. Ошондон кийин толугу менен караңгылык келди.

Мени ур-токмокко алган адамды эч ким жазалаган жок

Мен эки жыл доктурларга көрүнүп жүрдүм, бул өтө узак мөөнөт. Ошондой эле москвалык доктурга барганымда, ал дагы колун шилтеп бир кезде толук көрбөй каласың деп айткан.

Азыр менде жарыкты сезүүчүлүк туюмум гана калды, мен айрым бир сөлөкөттөрдү көрө алам.

Сүрөт: КР триатлон боюнча федерациясы.

Ар бир адам көзү көрбөй калган учурда дендиреп калат. Мен оор жана узакка созулган санаа тартууга чөгүп, мындан ары кантип, кандай жашай турганымды билбей калгам.

Мындан тышкары үйдө көп отуруп калдым. Бир жолу досторум чалып кафеге чакырып калышканда эшикке чыгуу эрдигине бардым.

Белгиленген жерге келгенде ага чалып ал каякта экенин сурадым. Досум мага түз эле баса берүүмдү айтты. Мен бастым. Андан кийин ал оңго бурулуп кайра солго басуумду суранды. Бирок ал жакта эч ким жок болчу.

Мени алар кафенин бурчунда отуруп алып шылдыңдап жатышканын түшүндүм. Мен жинди немедей болуп кафенин ичинде тегерене бериптирмин. Абдан ыза болдум. Бул мен үчүн катуу сокку болду.

Мен кадимкидей адамдар сыяктуу жашай албастыгым жөнүндө ойлонуп жаттым. Түнт болуп кеттим. Бирок бары бир мындай абалдан чыгуум керектигин түшүнүп, бир маалда мен мындан ары үйдө отурбасымды чечтим.

Бул психологиялык жана физикалык жактан жаман. Мен сыяктуу көзү азиз адамдар «мектебине» бардым. 2014-жылы Бишкектин «Инклюзивдик билим берүү» коомдук фонду көзү көрбөгөн адамдарды өз-алдынчалыкка үйрөтүү үчүн кабыл алып жатканын угуп калдым.

Ошентип мен көзү көрбөгөн адамдарды шаар ичинде өз алдынча жүрүүгө үйрөткөн долбоорго катыштым.

Сүрөт: Фэйсбук.

Чындыгында колго аса алып ал менен көчөлөрдө басып жүрүү мага кыйынга турду. Ошондой учурларда айланадагы адамдар мен жөнүндө эмне деп айтып жатышканын ойлоно берчүмүн.

Мен шаар ичинде басып жүрүүнү үйрөнүп жаткан кезде ар бир экинчи адам келип өздөрүнүн жардамын таңуулай беришчү. Колуман алып мен бара турган жакка барбай эле таптакыр башка жерлерге жетелей беришчү.

Бул мени абдан капалантчу. Өзүмдү мындай кабыл ала албай турганымды ойлоно берээр элем.

Кабыл алдым. Көптөгөн учурда башкача ык-амал талап кылынат.

Көзүмдүн көрбөгөндүгү мени «кутудан» тышкары ойлонууга үйрөттү. Көзү көрбөгөн адамдын жашоосу — бул күнүмдүк башкача бир чечимдерди кабыл алуу. Шаар ичинде басып жүргөндө мен көбүнчө үндөргө жана асанын жардамы менен багыт алам.

Өзүмдүн маршрутумду белгилер менен жолдогу тоскоолдуктар көрсөтүлгөн менталдык карта түрүндө элестетем.

Көзү начар көргөндөр үчүн фосфор жөө өтмөктөрүн киргизип жана мамыларды кызгылт сары түскө боёош керек.

Сүрөт: КР триатлон боюнча федерациясы.

Мен компьтерди эркин колдоном. Дайыма көзү көрбөгөндөр үчүн чыгарылып турган программаларды үйрөнүп турам.

Чоң көйгөй бар. Брайль шрифти менен басылган китептердин саны аз. Тилекке каршы, Кыргызстанда алар абдан аз санда чыгарылат. Учурда бары электроника жана аудио китептерге өтүп жатышат. Бирок тактилдик сезүүнү алмаштырууга болбойт. Анткени бул жакында эле мектепке барган балдарга өтө маанилүү.

Мен дайым бир нерсе кылууну каалап турам. Триатлон боюнча спорт түрү менен алектене баштаганымдан бери сегиз ай өттү. Гайддын (көзү көргөн адамдардын коштоосунда жипти кармап чуркоо) жардамы менен күнүгө челленж басып өтүү кыйын болгону эсимде.

Белгилүү бир техника керек, бирок жалпысынан бул өтө деле кыйын эмес тескери абдан кызыктуу.

Башынча бул машыгууларга баргым келчү эмес. Бирок андан кийин бир учурда өзүмдү эркин сезип калдым.

Ошентип мага чуркаган жагып калды. Ар жекшемби күндөрү мени ар кандай адамдар коштой баштады. Мага бул абдан жагат.

Сүрөт: КР триатлон боюнча федерациясы.

Кантип чабак урганды үйрөнгөнүм эсимде. Сууда чөгүп кеткенден коркчумун. Көп жолу суу жутуп алгам. Менин машыктыруучум Андрей Ханадеев мага «Сенде келечек бар. Машыгып тур!» деп айтып дем берген.

Натыйжа мен каалагандай жакшырбай турду. Тагыраак айтканда бассейндин түбүнө сүзүп бара турган жерге мен эптеп-септеп барчумун.

Андан кийин мени колу бутум уккусу келбей калды. Көзүм көрбөсө дагы мен ал суунун түбүн жөн гана сезчүмүн. Биз Андрей экөөбүз бул коркунучту жеңиш үчүн көп убакыт иштедик. Бүгүн мен ар кандай өлкөлөрдөгү таймаштарга катышып 750 метр аралыкты сүзүп өтө баштадым.

Сегиз ай мурун бул нерсе мага кол жеткис сезилчү. Эгерде ал болбогондо мен мындай ийгиликтерге жетпейт элем.

Бул жылы мен Филиппинде өткөн триатлон боюнча Азия чемпионатында коло медал алдым. Мындан бир ай мурда эле машыктыруучум экөөбүз Кыргызстандын чемпионатында коло медал жеңип алганбыз.

Жакынкы келечекте менин планымда триатлон боюнча жаңы жеңиштерге жетишүү жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Параолимпиялык оюндарын багындыруу бар.

Менин көзүм жакында эле көрбөй калды. Азыр кадимкидей адам менен көзү көрбөгөн адамдын ортосунда эч бир айрыма жок деп айта алам. Себеп дегенде аларды бөлүү бул ар бир ден соолугу начар адамдын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө барабар.

Ар бир адам - өзгөчө. Адамдын көзү көрбөгөнү менен кулагы укпаганында айрыма жок.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: