Солдон оңго: Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров

Саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров өздөрүнүн партияларын президенттик шайлоонун алдында бириктиришти. Саясат тануучулар мындай биригүүнү кантип түшүндүрүүдө?

Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 6-августта Камчыбек Ташиевдин «Ата Журт» жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиялары менен бирикти.

Партиялардын ар бир башчысы Кыргызстандын өлкө башчылыгына талапкер, бирок саясатчылар келерки шайлоодо төрт талапкердин арасынан бирөөсүн гана колдошот.

Аркадий Дубнов Саясий серепчи, Борбор Азия боюнча баяндамачы

Аркадий Дубнов

Саясий серепчи, Борбор Азия боюнча баяндамачы

 

Президенттик шайлоо башка кеп, бул үчүн партиялар биригишпейт, бирок өзүнчө саясий тутум бойдон кала беришип, белгиленген бир программанын негизинде президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди чыгарышат.

Кыргызстандын түштүгүн көрсөткөн үч партия башчыларынын биригиши  өлкөдө дагы деле мурдагыдай кландык-регионалдык бөлүнүү бар экенин айгинелейт. Мына ушул нерсенин негизинде идеологияга орун жок болуп, болгону жергиликтүү бийликке болгон күрөш менен ресурстарды көзөмөлдөө саясаты түзүлүп жатат.

Албетте түштүк блогу президенттик жарышка аттанган башкы бийликчил талапкер жана учурда премьер-министр, «түштүктүктөр» менен эсептешет делген, ошондой эле түштүк электоратын чачыратууга жөнөтүлгөн Жээнбековдун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла азайтат. Бул мааниде «төртөнүн биригишин» жаңы «түштүк оппозициясы» деп айтууга болот эле.

БААУнун саясат таану жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы

Медет Төлөгөнов

БААУнун саясат таану жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы

Түштүк элитасынын бир партиянын алдына чогулганы көрүнүп турат. Бир аймакта добуштарды чогултуу аракети болгон. Бул нерсени мындан ары эмне кылышаарын айтуу кыйын. Мүмкүн президенттикке күрөшүү аракетин кылышат.

Бирдиктүү талапкер катары Адахан Мадумаровду чыгарылышы мүмкүн. Анын амбициясы менен тажрыйбасы көп. Калгандарынын арасынан анын бедели бийик, мисалы Ташиевдикиндей карама-каршы болгон учурлары жок.

Саясий серепчи, КОСУнун саясат таануу факультенин профессору.

Марат Казакпаев

Саясий серепчи, КОСУнун саясат таануу факультенин профессору.

Бул биригүү [Бакыт] Төрөбаевдин гана колунан келди. Ал толугу менен оппозицияга кетүүдө, бирок буга чейин өзүнүн бейтарап мамилеси жөнүндө айтып келген. Төрөбаевдин максаты түштүк электоратын алуу.

Сооронбай Жээнбеков боюнча айтсам, аны түштүктө колдошот. Төрөбаев тараптан жолтоо болбойт, бул багытта ал ага тийише албайт. Менин оюмча түштүктө экинчиде Төрөбаев эмес Бабанов болот.

Төрөбаев Ташиев, Мадумаров жана Келдибековдон турган радикалдуу оппозиция менен биригип жатат. Ал алар менен байланышаары менен анын саясий таасири дароо эле төмөндөп кетет.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: