Сариев башка президенттикке талапкерлер менен биригиши мүмкүн

Президенттикке талапкер жана мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайлоо алдында жаңы партия түзгөн саясатчылардын төртилиги менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Сариев «Азаттык үналгысына» шайлоо алдында жаңы партиянын алдында биригишкен саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков менен жолугушканын билдирди. Анын айтымында, ал алар менен биригүү мүмкүнчүлүгүн сүйлөшкөн.

«Биз көптөгөн суроолорду талкууладык, биздин ортобузда жакшы түшүнүү бар, жакын арада биз дагы жолугабыз. Биригүү боюнча сөз кылуу азыр эрте, бирок негизги көз-караштар менен багыттар боюнча жана албетте бир топтун алдында биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Сариев.

Мурдараак Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү Прогресс» партиясы Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун «Ата Журт Мекенчил», жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиялары менен бириккен.

Партиялардын ар бир башчысы Кыргызстандын өлкө башчылыгына талапкер, бирок саясатчылар келерки шайлоодо төрт талапкердин арасынан бирөөсүн гана колдошоорун билдиришкен. Азырынча жаңы партиянын аталышы белгисиз.

Ал эми президенттик шайлоонун өзү үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда президенттик кызмат үчүн 52 талапкер ат салышууда, алардын арасында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев бар.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: