Саясатчы Бакыт Төрөбаев кыргызстандыктардын арасында сынак жарыялады. Ал жаңы партиянын дизайны менен аталышын ойлоп тапкан адамга iPhone 7 белек кылмакчы. Жаңы партия үч партиянын, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт Мекенчил» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын биригишинин жыйынтыгында пайда болот.
Төрөбаев конкурс боюнча өзүнүн Фейсбук барагында жарыялаган. Эгерде ким жаңы партиянын эн белгиси менен аталышын ойлоп тапса ал iPhone 7 алат.
«Урматтуу достор жаңы партияны каттоодон өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдай баштадык (Өнүгүү-Прогресс + Ата-Журт Мекенчил + Бүтүн Кыргызстан). Биздин интернет баракчаларыбыздагы досторубуздун арасында жаңы партиябыздын аталышына жана эмблемасына конкурс жарыялоону чечтик», — деп жазган Төрөбаев.
Саясатчы сынакка катышууну каалочулар үчүн үч шарт койгон:
- Жашы 16дан жогору;
- Партиянын кыска жана маңыздуу аталышы;
- Ээн белгинин долбоору.
Сунуштар менен долбоорлорду 20-августка чейин жөнөтүү керек.
Жаңы партия Бакыт Төрөбаев башкарган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партияларына кошулуусунун жыйынтыгында пайда болот.
Бардык төрт саясатчы келерки 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер.
Саясатчылар келерки шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдош үчүн биригишкен. Азырында алар колдой турган талапкердин аты-жөнү белгисиз.
Мындан тышкары бул саясатчылар менен башка талапкер мурдагы премьер-министр Темир Сариев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым. «Азаттык үналгысына» берген маегинде, ал төрттүк менен биригиши мүмкүндүгүн айткан.
Kloop.kg сурамжылоого алган саясий серепчилер партиялар бийликчил талапкер жана учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго атаандаштык жаратуу үчүн биригишкенин айтышкан.
Которгон Алмир Алмамбетов
ТЕМА БОЮНЧА:
- Эмне үчүн партиялардын президенттикке талапкерлери бирикти? Саясий серепчилер түшүндүрүүдө
- Сариев башка президенттикке талапкерлер менен биригиши мүмкүн