Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти

Интернетте Балыкчынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов менен учурдагы мэр Алмаз Мамбетовдун ортосунда уят сөздөрдү колдонуп телефондон урушуп жатышкан аудио жазмасы тарап кеткен. Этика боюнча комиссия аудио жазманын аныктыгын текшерип жатат.

Сүйлөшүүнүн аудио жазмасын мурдагы мэр Сатыбек Шамшудинов өзү чыгарган. Анын айтымында, ал маекти 10-июлда жаздырып алган. Аудио жазмада Шамшудинов менен Мамбетов уяттуу сөздөрдү колдонуп урушуп жатканы угулат.

Шамшудиновдун айтымында, чыр-чатак Мамбетовдон аткарылган иштер боюнча бир жылдык отчётту талап кылгандан кийин башталып кеткен. Мэрге бул өтүнүч жакпай калып ал адепсиз сөздөр менен коркута баштаган.

«Сатыбек байке, мына чынында, да, Байкеша, сиз мен үчүн байкемсиз. Мен сизди абдан сыйлайм. Бирок сиз бир нерсени кылып койдуңуз, кагазга кол коюп, бул туура эмес деп ойлойм», — деп айткан Мамбетов аудио жазмада.

Сөздүн түп нускасы: «Сатыбек байке, вот честно, да. Байкеша, вот вы для меня байкеша. Мен сизди пиздец сыйлайм. Анан какой-то бир хуйняга кийлигишип кол койуп бергениңиз бул туура эмес го деп ойлойм».

Шамшудинов Балыкчы шаарынын милициясына, өкмөт аппаратына, президенттин администрациясына жана парламенттин спикерине мэрдин айткандарына көңүл бурууну суранып кайрылган. Бирок ал жооп ала албагандыктан аудио жазманы интернетке чыгарган.

«Мен өзүм жаздырып алгам сүйлөшүүнү, бул 10-июлда кечки саат 21:00 болгон. Биз Балыкчы шаардык кеңешке кайрылуунун айынан урушуп кеткенбиз. Ал жерде мэр бир жылдык отчётун берсин деген кайрылуу болгон», — деди Шамшудинова «Азаттык үналгысына» берген маегинде.

Ал эми Мамбетов өзү азырынча бул окуяга комментарий бере элек. Этика боюнча комиссия аудио жазманын аныктыгын текшерип жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов