Эл аралык World Next Top Model 2017 сынагында кыргызстандык Сусанна Егорян сахнага Армениянын аты жазылган лента менен чыккан. Коомдук тармактардын колдонуучулары анын жоругуна нааразы болуп чыгышкан, бирок Егорян Кыргызстанды саткан эмесмин деп жооп берген.

Эмне болгон?

Ливандын борбору Бейрутта 6-августта World Next Top Model 2017 сулуулар сынагынын финалы өткөн. Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Сусанна Егорян барган.

Конкурстун финалында Егорян Армениянын аты жазылган лента менен пайда болгон, бирок буга чейин Кыргызстандын атынан келген модель катары чыккан. Конкурстагы сүрөттөр менен ЖМКдагы макалалар коомдук тармактардын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Коомчулуктун аракети: «Өлкөдөн чыгаруу жана жарандыктан ажыратуу»

«Спутник» басылмасы 7-августта бишкектик модель сулуулар конкурсунда вице-мисс болгону жөнүндө материал чыгарган. Эртеси күнү World Next Top Modelдин расмий барагында Егоряндындыкы менен кошо конкурстун сүрөттөрү пайда болгон.

Эки күндөн кийин 9-августта «Спутник» басылмасы модель кыз жөнүндө экинчи макаласын чыгарган. Анда конкурстун финалында Егорян Кыргызстандын эмес Армениянын атынан чыкканы жазылган. Макаланын алдында коомдук тармактардын колдонуучулары Егорянды жарандыктан ажыратып, өлкөдөн чыгарып жада калса өлтүрүүнү талап кылышкан.

«Армяндардын эң эле куусу бул албетте Егорян», — деп жазышкан Вконтакте коомдук түйүнүнүн тайпаларынын биринде.

Айрым колдонуучулар сулуулар сынагына кыргыз улутундагы кыздарды гана жиберүү керек деп жазышкан.

«Кимди жиберүүнү билиш керек. Эл аралык конкурстарда өз улутунун сулуулугун көрсөтүш керек! Кыргыздар дагы бир жолу жаңылып калышты. Өкүнүчтүү», — деп эсептейт Фейсбуктун башка колдонуучусу Илмира Молдогазиева.

Егоряндын сынакка баруусун уюштурган «Кыргызстан Сулуусу (Мисс Кыргызстан)» моделдик агенствосунун директору Таттыбүбү Самидин кызынын айтымында, катачылык кеткен. Ал билдиргендей, уюштуруучулар мындай нерсеге  жол бериши мүмкүн эмес.

Егоряндын пикири: «Мен Кыргызстанды саткан эмесмин»

Ал эми Егорян өз Instagram аккаунтунда эмнеге Кыргызстандын эмес Армениянын лентасы менен чыкканын түшүндүрүп берген. Эки лентанын болушуна конкурстун шарттары уруксаат берет. Эки жолку чыгууда ал өлкөнү эмес улутту гана көрсөтө алмак. Анын айтымында, көптөгөн моделдер экиден лента алышкан.

«Биз биринчи жолку чыгууда мамлекетти, ал эми экинчи жолкуда паспортто жазылган улутту көрсөтө алат элек. Мен өз өлкөмдү саткан жокмун. Бирок көптөгөн адамдар менин Кыргызстандын атынан чыгуума татыктуу эмессин деп айтышкан», — деп жазган ал.

Сынактын уюштуручусунун бири Элие Нахасом чынында эле ушундай шарт коюлганын тастыктаган. Төрт жолку чыгууда бийкечтер «өлкөнүн намысын коргошкон», калган эки жолку чыгууда өздөрү каалаган улутту көрсөтө алышмак.

«Силердин конкурсанткаңар өз каалосун кылган. Андан тышкары башка кыз дагы ошондой кылган», — деп түшүндүрдү Нахасом «Спутник» басылмасына курган маегинде.

Учурда Егорян Арменияда туугандарыныкында болууда. Эки айдан кийин анын Бишкекке келүүсү күтүлүүдө.

Сусанна Егорян жаңыдан чыгып келе жаткан модель. Бул жылы ал Бишкектин №8 мектебин бүтүргөн. Апрелде «Кыргызстан сулуусу-2017 (Мисс Кыпгызстан-2017)» сулуулар сынагында «Сахна Сулуусу (Мисс Подиум)» наамын жеңип алып, Бейрутта өткөн эл аралык сынакка бара алды.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: