Ташиев менен Бекназаров: Текебаев боюнча аудио жазма «монтаждалган»

Оппозиционерлер Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаров алардын божомолдуу сүйлөшүүсү делип 13-августта YouTubeда жарыяланган аудио жазманы жасалма деп аташты.

Жазманы YouTubeдун колдонуучусу Самат Медетов 13-август күнү кечинде жарыялаган. Аталган колдонуучунун аккаунтунда бул биринчи жана жалгыз аудио жазма. Аудио жазмада божомолдуу мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун ортосундагы маеги жазылып алынган.

Аудио жазмага ылайык, бул телефон аркылуу сүйлөшүү эмес, бетме бет отургандагы маектешүү, анткени аудио жазмада ашкана буюмдарынын үндөрү угулуп турат.

Сүйлөшүүдө Бекназаровдун үнүнө окшош адам оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча бир нече жолу жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алып бул үчүн кудайдан кечирим сурайт.

«Акеңди көрдүң да (кеп Текебаев жөнүндө), байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн (кеп Текебаевдин иши боюнча дагы бир айыпталуучу Дүйшөнкул Чотонов жөнундө) ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агаргыча калп айттым. Кудай өзүң кечир деп, ар калпты айткан сайын, кудай өзүң кечир деп турдум да», — дей айтат аудио жазмадагы үн.

Саясатчынын экөөсү тең аудио жазманы монтаждалган деп айтышты. Бекназаровдун айтымында, аудио жазманы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарыялаган.

«Бул нерсе УКМКнын колунан келди. Мен азыр кайтыш болгон чоң атамдын деле үнүн көрсөтүп бере алам. Ар кайсы жерде эшикте же кафе-ресторандарда өзүмдүн көрсөтмөлөрүмдү айта бермек белем», — деп билдирди Бекгназаров «Азаттык» үналгысына берген маегинде.  

Мындан тышкары, Ташиевдин өкүлдөрү дагы саясатчынын сүйлөшүүсү жарыяланган аудио жазма  монтаждалган деп билдиришти.

«Кандайдыр бир күчтөр Текебаевдин иши боюнча соттун өкүмү чыгаарда, абалды өзүнүн пайдасына буруп коомдук пикир жаратууну аракет кылып жатканы көрунуп турат. Камчыбек Кыдыршаевич жалган көрсөтмөлөр боюнча сөз болбогонун айтууда. Ал соттук жараяндагы көрсөтмөлөр чындык экенин эскертти», — деди «Азаттык» үналгысына Нургазы Анаркулов.

Ал эми Бекназаров өзү Текебаевдин иши боюнча сотто 19-июлда көрсөтмө берген. Ал анда Текебаев дагы Чотонов дагы «Мегакомго» эч тиешеси жоктугун билдирген.

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын февраль айында камакка алынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Текебаев өзү айыптоолорду четке кагууда, ал эми анын тарапташтары бул нерсени «саясий кысымга алуу» деп аташууда.

Ташиев менен Бекназаровдун ортосундагы сүйлөшүү

Камчыбек Ташиев (К.Т.): Бүгүн вынужден, баягы соттон чыксам, «Сентябрь» тартып алды ошого интервью берип койдум. Башка эч жерде интервью бербечү элем.

Азимбек Бекназаров (А.Б.): Акеңди көрдүң да (кеп Текебаев жөнүндө), байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн (кеп Текебаевдин иши боюнча дагы бир айыпталуучу Дүйшөнкул Чотонов жөнүндө) ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агаргыча калп айттым. "Кудай өзүң кечир" деп, ар калпты айткан сайын, кудай өзүң кечир деп турдум да.

К.Т.: Акам, жалган күнөөлөр бирөөгө чоң күнөө да.

А.Б.: Бирок, кудай өзүң кечир деп аттым да (каткырып). Жалганды урдум. Ушундай калпты айттым. Эч нерсеге тиешеси жок, (сүйлөшүүдө ким жөнүндө кеп болуп жатканы айтылган эмес) мен кылгам анын барын, өзүм баш болуп, (аудио жазмада Мегакомдун аты аталган, бирок Бекназаровдун ага карата аракеттери түшүнүксүз) «Мегакомду» мен эметтим. Вообще аралаштырган эмесмин (кимди экени белгисиз). Мына прокурорлор отурат. Мен куратор болгом, бардыгын мен чечкем. Мунун вообще тиешеси жок.

К.Т.: Сиз аны раса колдопсуз да.

А.Б.: Ошентип анын Омкеңди акеңди раса окшоштуруп факты менен.

К.Т.: Өзү ыраазы болду да тиякта отуруп. Эми сиз аны түрмөдөн чыгарганга, решеткадан чыгарганга аракет кылып жатасыз да. Ушул жерден сизди кудай колдойт.

А.Б.: Бирок улам кудайдан кечир деп. Калп айтып жатам кечирип кой. Кечирип кой деп ичимен. Кудай өзүң кечир деп...

К.Т: Мага кат жазып жибериптир Камчы үка 22де билесиң да, менин туулаган күнүм болгон. Сен эсиңдеби дейт, келип мени куттуктап бир вино берген элең 23дө келип деп. Эсимде жок ага вино бергенимди, куттуктаганыбы, мен аны никогда куттуктаган эмесмин туулган күнү менен. Эчтеке жок да, бирок, а значит болуптур да дедим дагы. Ой бирок эсимде жок ака эмне алып келгеним. Эме деп жазып жибериптир. Билесиңби эмне деп жазыптыр? 8-10 деп коюптур скобкага. 8-10 литрлик вино көтөрүп келгенсиң деп. Мен 8-10 билесиңби кандай, момундай бочка болот да кантип көтөрүп келмек элем дедим. Никогда и никому көтөрүп келген эмесмин, тем более ак үйгө дедим. Үчүнчү этажга. (Мүмкүн Текебаев жөнүндө айтып жатат. Текебаевдин туулган күнү 22-декабрда, ал ак үйдүн үчунчү кабатында отурат, мындан тышкары ал Ташиевден 10 жжашка улуу. Катта "үка" деген сөз колдонулат. Үка — деп улуулар кичүүлөргө кайрылат)

Авторлошу: Алмир Алмамбетов

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: