Тажикстан: Мектептерде хижаб, макияж, тытык шым, сакал өстүрүүгө тыюу салынды

Жаңы эрежелер боюнча эми тажик мектеп окуучуларына окуу жайларга хижаб кийип жана сакал өстүрүп барууга тыюу салынды.

Тажикстандын билим берүү министрлиги мектеп формасына жаңы талаптар менен окуу жайларга барууну шарттаган эрежелерди жарыялады.

Кыздарга 1-сентябрдан баштап мектепке хижаб «кыска жана денени чыптаган» юбка, сөйкө жана шакек тагынып келүүгө тыюу салынды. Ошондой эле, макияж, узун тырмак маникюр кылып барууга болбойт.  

Эрежелерге ылайык, мектепке кыздар улуттук кийим жана тебетей кийип бара алышат.

Балдарга чач менен сакал өстүрүп, окууга айрык джынсы, «кыжырды келтирген» же башка өлкөлөрдүн мамлекеттик символикалары тартылган футболкаларды кийип барууга тыюу салынды.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ашыкча исламдашууга каршы чыккан. Ал жарандарды салтту баалулуктарды сактоо менен улуттук кийимдерге басым кылып мусулман кийимдеринен баш тартууга чакырган.

«Жаратканды хижаб, чалма же сакал аркылуу эмес акыл менен таанып жүрөк аркылуу сыйынат», — деген ал.

Прзидент Алмазбек Атамбаев дагы бир нече жолу хижаб кийип сакал өстүрүүгө каршы пикирин билдирген. Анын айтымында, «илим менен алектенүү бир түн намаз окуганга барабар». Ал кыргызстандыктарды тарыхты изилдеп, аалам кандай түзүлгөнүн карап чыгууга үндөп жана ислам дини менен араб маданиятын алмаштырбоого чакырган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: