Жээнбеков президент болуп шайланса «Атамбаев баштаган жолду» улантат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эгерде президенттик шайлоодон жеңсе «[президент Алмазбек] Атамбаев баштаган жолду» улантаарын билдирди.

Бул туурасында Жээнбеков 21-августта өкмөттүн жыйынында билдирди. Бул Жээнбеков премьер-министр катары катышкан акыркы өкмөттүк жыйын.

«Эгерде кудай колдоп, элибиз ишеним көрсөтүп президент болуп, буйруса, шайланып калсам, Алмазбек Атамбаев баштаган чоң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын буйруса улантам. Бардык жетишкендиктерди кармап калганга аракет жасайм. Элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого тажрыйбам, дараметим, намысым дагы жетет», — деди ал.

Жээнбеков Атамбаевге отставкага кетүүсү жөнүндө билдирген жана президент ага 21-августта түштөн кийин кол коюшу мүмкүн.

Боршайком Жээнбековду КСДПдан президенттикке талапкер катары 21-августта каттады.

Премьер-министр шайлоого бийликчил социал-демократтар партиясынан (КСДП) чыгууда. Анын талапкерлигин КСДПнын курултайында 15-июлда расмий жарыялашкан.

Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосунан пайдаланууда. Буга чейин Атамбаев премьер-министрдин талапкерлигин өлкө үчүн «жакшы тандоо» деп атаган.

Бирок президенттикке башка талапкерлер, укук коргоочу Рита Карасартова менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев үгүт иштери үчүн Жээнбековду «кызматтык абалынан пайдаланууда» деп айыпташкан. Боршайком арыздарды текшерип чыгып, бирок өкмөт башчынын иш аракетинен мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Учурда Жээнбековдун ордуна премьер-министрлик кызматка ким келээри белгисиз, негизи мыйзам боюнча бул кызматка анын орун басары вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев келиши керек. Бирок айрым ЖМКлар өкмөт башчысы катары учурдагы президенттин администрация башчысы Сапар Исаковдун ысымын жазышууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: