Жаңгак токойлуу Арстанбап жергеси жай мезгилинде көркүнө чыгып, 50 миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик эс алуучуларды өзүнө тартат.

Дүйнөгө өзүнүн жаңгак токою жана өзгөчө жаратылышы менен белгилүү Арстанбап Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Уламыштарга ылайык улуу жол башчы Александр Макендонский Арстанбаптын жаңгактарынын даамына суктанып жанына кошо ала кеткен. Ошол кезден баштап бул жаңгактар дүйнө жүзүнө грех жаңгактары деп таанылып калган. Бирок бул уламыштын канчалык чындыгы бар экенин эч ким билбейт.

Базар-Коргон районуна караган Арстанбапта жаңгак токою жана чоң жана кичи шаркыратма деп аталган эки шарткыратма бар. Чоң шаркыратманын бийиктиги 80 метр.

Ал Арстанбап кыштагына жакын жайгашкан Бабаш-Ата кырка тоосундагы тик аскадан агып түшөт.

Шаркыратмага жетүү үчүн Арстанбаптын борборунан унаа менен бир сааттай жүрүп, андан ары шаркыратма жайгашкан тоого бир сааттай жөө басууга туура келет.

«Индийский» унаалар ...

Шаркыратмаларга баргысы келген саякатчыларды Арстанбаптын босогосунан жүздөй эски УАЗ үлгүсүндөгү машинанын айдоочулары күтүп алышат. Анткени шаркыратмалар жайгашкан аймакка башка автомобилдер бара албайт. Айдоочулар айткан жерге жеткирип эле койбостон гид катары кызмат да көрсөтүшөт.

Ормон Хурматов ошол айдоочулардын бири. Алардын максаты келген эс алуучуну жакшы маанайда тосуп алып, көңүлдүү узатуу экенин айтат.

Арстанбаптын шаркыратмаларына саякатчыларды ташып иштегенине он жылдай убакыт болуп калды. Ал күнүнө 2-3 жолу каттайт. Кичи шаркыратмага жол кире бир жүргүнчүгө 25 сом болсо, чоңуна бир УАЗ 1200 сомго алып барат.

Андан тышкары ал үч баланы багуу үчүн дыйканчылык менен да алектенет.

«Биз адамдарды айткан жерине жеткирип, акчасын алып эле тим болбостон, кызыктуу жерлер жөнүндө айтып берүүгө да көнүп калганбыз. Шаардан келгендер биздин жөнөкөй, кең пейил экенибизди көрүп маанайлары көтөрүлөт. Ал эми машинабызга чыккан да өзүнчө кызык... Булар “индийский машина” деп аталган. Саякатчылар “кинодогудай го” деп калышат», — деп бөлүштү Хурматов.

Теректен жасалган сувенирлер

Жайкы сезондо арстанбаптыктар туристтерге кызмат көрсөтүү менен бир топ эле киреше таап алышат. Айрымдары конок үйлөрүн ачып алып иштетишсе, кээ бири соода менен алектенишет. Конок үйүндө бир кишиге күнүнө 150-200 сомдон акы төлөнөт.

Башкалар соода сатык менен алектенишет. Андан сырткары тамактануу тармагы да айылдыктарды жумуш менен камсыздап турат.

Бурхан Абдукаримов Арстанбаптын жайма базарында колдо жасалган белектерди, азем буюмдарды сатып иштеген жергиликтүү тургундардын бири. Ал он жылдан бери ушул тармакта иштеп келет.

«Келген коноктор өздөрү каалаган сөздөрдү, каалоо-тилектерди жана адамдардын аттарын жазып беребиз. Бул саякатчыларды аябай кызыктырат», — деди ишкер Абдукаримов.

Бул өнөрдү ал атасынан үйрөнгөн. Абдукаримов ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт. Анткени сувенирлерди учурдун талабына жараша өзгөртүп туруш керек деп эсептейт ал. Анын айтымында, сатуудан түшкөн киреше үч баланы бакканга жетет.

«Эң кичине белектердин баасы 20 сомдон башталат, эң чоңу — 250 сом. Андан кымбат сата албайбыз. Келген туристтердин капчыгана ыңгайлуу болсун дейм. Бул менен жакшы эле киреше табам», — дейт жыгач уста.

Сувенирлер теректен жасалат. Бул дарак арзан жана Арстанбапта жакшы өсөт. Ошондуктан азем буюмдардын баасы да өтө кымбат эмес.

Арстанбап көптөгөн туристтерди тартууда

Сезон учурунда Арстанбапка өлкөнүн булуң-бурчунан эле эмес, океандын ары жагынан да миңдеген саякатчылар келишет.

Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Барпы Кыпчаковдун айтымында, туристтердин саны жыл сайын өсүүдө.

«Жакында эле жаңы туристтик борбор ачылды. Борбор жеке турак жайлардын ээлери менен туристтерди жайгаштырууда жардам берет. Күнүнө 400 адам келет. Жалпы бир сезондо биз 50 миңдей адамды кабыл алабыз», — деп айтат Кыпчаков.

Алма как, талкан, кант жана башка таттуулар — бул эс алуучулардын көңүлүн бурган даамдардын айрымдары гана. Алардын баарын айылдыктар өздөрү колдо даярдашат.

Сүрөт: Арген Калыбек уулу


ТЕМА БОЮНЧА: