Парламент Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка бекитти. Бул кандай болгон?

Парламенттин депутаттары президенттин администрация башчысы Сапар Исаковдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдошту. Ал үчүн 97 депутат макул деп добуш берсе, 6сы каршы добуш берген.

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында депутаттар Сапар Исаков башында турган министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитишти.

Депутаттар министрлер кабинетинин жаңы курамы менен түзүмүнө жана ошондой эле өкмөттүн программасына өзүнчө добуш беришти. Макул 97 добуш, каршы 6. Жалпы 103 эл өкүлү катталган. Добуш берүү ачык электрондук форматта өттү.

«Республика — Ата журт» фракциясынын Сапар Исаковго коюп жаткан домаатынан баш тартканы жыйында бурулуш жасалган учурлардын бири болуп калды. Буга чейин фракция келерки президенттик шайлоодо «административдик ресурс» колдонулат деп кооптонуп, анын талапкерлигине каршы чыгып жаткан.

«Республика — Ата журт» партиясынын башчысы жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзү менен анын партиясы Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматты ээлешине каршы болбосун билдирди.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов өз партиялашы Сапар Исаковду «тажрыйбасы жок болсо да жаш, бирок амбициялуу» деп атап колдоого алды.

«Ата мекен» оппозициялык партиясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө келерки шайлоо алдында ЖМКлар менен оппозиционерлерди куугунтуктап жатканы үчүн бийликти сынга алды. Ал ошондой эле жаңы министрлер президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы кампанияларына катышпай тургандыгына үмүт артты.

Президенттикке талапкер жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев реформа боюнча сунушту колдоп, экономиканын өсүшү жумушсуздукту жоюу жана мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүү сыяктуу майда маселерди чечүүдөн баштала турганын айтты.

Сапар Исаков деген ким?

Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясынын жетекчиси. Аны көп учурда президенттин «оң колу» жана өлкө башчынын ишениминдеги адамдардын бири деп атап келишкен.

Ал 2017-жылдын январына чейин президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары болгон, ага чейин беш жыл ушул эле ведомстводо тышкы саясат бөлүмүн башкарган. Исаковду 2017-жылдын март айында Фарид Ниязовдун ордуна президенттин аппарат башчысы кызматына дайындашкан.

Президенттик шайлоо башталаарга чейин Исаковду өлкө башчылык кызматка мүмкүн болгон талапкерлердин бири катары аташкан, бирок ал бул сөздөрдү четке кагып, президенттикке талапкер болуп аттанбасын билдирген.

Президенттик шайлоого бир жарым ай калганда Сооронбай Жээнбеков 22-августта КСДП партиясынын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүркулов фракция премьер-министрлик кызматка 40 жаштагы Сапар Исаковдун талапкерлигин чыгарып жатканын билдирген.

Дароо эле Өмүркуловдун билдирүүсүнөн кийин интернет түйүндөрүндө Исаковдун абийирин ачкан видео пайда болгон, бирок ал тасмадагы маалыматтарды четке кагып, аны «президенттикке талапкерлердин биринин буйрутмасы» деп атаган.

Тексттин автору: Сезим Каныбекова

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: