Таджикистанда президенттин буйругу менен мугалимге он күндүн ичинде колукту табылды

Тажикстандын түштүгүндөгү айылдык мугалимге он күндүн ичинде колукту табылып, той салтанаты өткөрүлгөн. Буга өлкө президенти Эмомали Рахмондун буйругу себеп болгон. Жубайы жолдошун той салтанаты учурунда биринчи жолу көргөн.

Бир ай мурун тарых сабагынан берген мугалим үйлөнгөндө президент Эмомали Рахмон өзү жардам берээрин элестете алган да эмес. Ал өзүнүн болочоктогу 22 жаштагы Маржона Худойдова аттуу жубайын дал президенттин буйругуна ылайык тапкан.

Бул эмнеден башталган?

Эмомали Рахмон 16-августта өзүнүн жумушчу сапары учурунда өлкөнүн түштүгүндөгү Бохтар районунда жайгашкан Заргар кыштагына барган. Президенттин кыштактын тургундары менен жолугушуусу учурунда кезек Асроровго жеткен.

Ал өзүнүн президентке кайрылуусунда билим берүү тармагындагы бардык аракеттери үчүн өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирип, аны өзүнүн кыштагында көргөнүнө абдан куштар экенин айткан. Мындан тышкары ал «Улут башчысына» арналган ырларын окуп берген.

«Мен сүйлөп жаткан учурда абдан толкундандым, президент өзүм жана үй-бүлөм жөнүндө сурай баштаган. Үйлөндүң беле же жокпу деп сураган. Мен жок деп жооп бергем. Андан кийин ал райондун жетекчилигине менин үйлөнүүм боюнча маселени чечүүнү тапшырган», — деп айткан мугалим «Азаттык» үналгысынын тажик кызматына курган маегинде.

Асроров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дене тарбия сабагынан берген мугалимдин кызы Маржона жагаарын айткан. Ал жергиликтүү ооруканада медайым болуп иштейт. Анын айтымында, ал Маржона Коргон-Төбө медициналык колледжинде окуп жүргөнүндө бир эле жолу көргөн.

«Президенттин жуучулары»

Бийлик тарбиячынын каалоосун эске алып, 19-августта Маржонанын үйүнө жергиликтүү администрациянын аткаминерлери жуучу болуп барышкан.

«Кудалашууга өзүбүз бардык. Саидшо аз камсыз болгон үй-бүлөдөн, анын ата-энеси пенсионерлер. Кудалашууга биз өзүбүз даярданып, келин менен анын үй-бүлөсүнө белектерди сатып алдык. Жекшемби күнү ресторанда эки жаштын тою болду. Той салтанатын уюштуруу боюнча бардык чыгымдарды биз өзүбүзгө алдык, кыздын үй-бүлөсүнө жардам бердик», — деген аткаминерлердин бири.

Бийлик кыздын үй-бүлөсүнө кызга бардык керектүү буюмдарды сатып берүүсү үчүн 16 миң (125 миң сомдой) сомони берген.

Маржонанын апасы тойдон кийин кызы кесиби боюнча ишин уланта бериши керек деген шарт койгон. Анын айтымында, көптөгөн адамдар Маржонанын колун сурап келишкен, бирок кызымдын үйлөнүү тойдон кийин кесиби боюнча иштей турганын угуп баш тартышкан.

«Саидшого Маржона тойдон кийин медицина борборлорунун биринде кесиби боюнча ишин улантышы керектигин айттым», — деген кыздын апасы.

Жолдошун үйлөнүү той күнүндө көрдү

Маржона буга чейин эч качан жолдошун көргөн эмес. Кыз тойго өзү улуттук тажик көйнөгүн тиккен.

Той салтанатына чейин жаш жубайлар Тажикстанда сөзсүз түрдөгү шарт болгон медициналык текшерүүдөн өтүштү. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарына ылайык үйлөнүү той үч сааттан ашыкка созулган эмес жана ага 150дөн ашык эмес киши катышкан.

Тажикстанда президенттин буйругу менен өткөн тойлор абдан сейрек кездешет. Бирок буга карабастан тажикстандыктар Рахмондун келишин чыдамсыздык менен күтүшөт. Президент менен жолугушуудан алардын келечеги аныкталат.

Кимдир бирөө мамлекеттик органдарда иштеп, дагы бирөө кыялындагы жогорку окуу жайга тапшырып калышы мүмкүн. Көптөгөн адамдарга бул мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупция жана бюрократиянын айынан мүмкүн эместей болуп бара жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: