Бишкектин борбордук көчөлөрү 30-августтан баштап Эгемендүүлүк күнү менен Курман айт майрамдарына карата жабылат.

Майрам учурунда милиция Бишкектин борборундагы төрт көчөдө жол кыймылын чектөөгө алат:

  1. Чүй проспекти — Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин;
  2. Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин;
  3. Эркиндик бульвары — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин;
  4. Логвиненко көчөсү — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин.

Майрам алдында Ала-Тоо аянтында салтанатта көрсөтүлүүчү оюн-зоокторго алдын ала даярдануу үчүн 30-августта көчөлөр саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 18:00дөн 20:00гө чейин жабылат.

Майрам күнү 31-августта жана 1-сентябрда транспорт кыймылы күн бою чектелет.