Тез жардамга жол бербеген 14 айдоочуга айып салынды

Бишкек шаардык тез жардам станциясы патрулдук милиция менен биргеликте «Маяк» аталышындагы рейд жүргүздү. Тартип сакчылары тез жардам машиналарына жол бошотпогон 14 айдоочуга штраф салды.

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган рейд айдоочулар өрт өчүрүү кызматына, милицияга же тез жардам кызматынын машиналарына жол бере башташы үчүн жүргүзүлгөн.

«Акыркы убактарда Бишкекте мындай машиналарга башкача мамиле кылып жатышканы байкалууда же аларга орой мамиле кылышат. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында жана атайын кызматтардын машиналары тоскоолдуксуз жүрүүлөрү үчүн рейддер жүрүп турат», — деп билдиришти патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.

Рейдди 28-августта жүргүзүшкөн, анын натыйжасында милиция тез жардам кызматынын машинасына жол бербеген 14 айдоочуга айып салган. Штрафтын өлчөмү 500 сомду түзгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: