Бишкектин патрулдук милициясы менен кызматташкан жеке менчик айып унаа токтотуучу жайы жол коопсуздук кызматынын мурдагы начальнигинин орун басары менен байланышы бар. Анын аялы 2012-жылдан бери айып унаа токтотуучу жайдагы ар бир машинадан акча алат.
Кеп болуп жаткан айып унаа токтотуучу жай Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын жанындагы Кара дарыя көчөсүндө жайгашкан. Бул айып унаа токтотуу жайына мыйзам боюнча жол кырсыгына кабылган же камакка алынган машиналарды алып келишет.
Kloop.kgнин редакциясы айып унаа токтоткон жай Жыпара Дүйшөналиевага таандык экенин аныктады. Бул нерсени Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин көчүрмөсү тастыктайт.
Дүйшөналиева 2012-жылдын августунда бул жерди Бишкек мэриясынан беш жылга ижарага алган. Ижара келишими 2017-жылы бүтөт, бирок патрулдук милициянын маалыматына ылайык, айып унаа токтоткон жайдын ээси ижаранын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүп койгон.
Дүйшөналиеванын жолдошу Нурбек Молдогазиев 2016-жылы Жол кайгуул күзөт кызматынын (ЖКК) башчысынын милдетин аткарып турган, ага чейин начальниктин орун басары болгон.
Жол кайгуул күзөт кызматы Патрулдук милиция башкармалыгы болуп өзгөргөндө ал жогорку кызматынан ажырап, бирок анда инспектор катары калган. Молдогазиев патрулдук милиция түзүмдөрүндө 2009-жылдан тартып иштей баштаган.
Айып унаа токтотуучу жайдын кызматкеринин айтымында, ал жерди эрксиз колдонуу дүмүрчөгү «жеке ишкер Дүйшөналиевага» жазылганына карабастан аталган жайды аялы эмес эле Молдогазиев өзү башкарат.
«Ал [Молдогазиев] бул айып унаа тототуучу жайдын ээси, бул анын жеке менчик айып унаа токтоткон жайы. Ал бул жерди башкарат», — деди Kloop.kgге машина токтоткон жайдын кызматкери.
Ошондой эле кароолчу Молдогазиев кээде кечкисин айып унаа токтотуучу жайга келип, жумуш кандай жүрүп жатканын текшерип кете турганын айтты.
Тарифтен чыккан чыр
Жалпысынан айып унаа токтотуучу жайга 120 машина батат. Автоунаа бул жайга түшөөрү менен сиз жеңил машинанын ар бир турган күнүнө 100 сомдон төлөйсүз, бул Бишкек боюнча орточо баадан эки-үч эсе көп. Мындай баа мамлекеттик патрулдук милиция башкармалыгы (ПМББ) колдонгон бардык айып унаа токтотуу жайларында бар: мамлекттик дагы жана жеке жайларда дагы.
Машина айып унаа токтотуу жайында араздашуу бүткөнгө чейин токтоп тура берет. Бул бюрократиялык жол-жоболордун жана териштирүүлөрдүн узактыгынын айынан бир нече күндөн бир нече айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.
Ошентип, эгерде жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү, мисалы, бир айга созулуп, сиздин машинаңыз ошол убакыт ичинде айып унаа токтотуу жайында турган болсо, сиз 3000 миң сом төлөп каласыз.
Жалпысынан айып унаа токтотуу жайы өз ээлерине болжолдуу 360 миң сом киреше алып келет. Активист Айбек Баратов күнүнө 100 сом деп белгиленген баа мамлекеттик орган үчүн абдан эле кымбат деп эсептейт.
«Маселе алардын акчаны көп алгандыгында болууда — 100 сом […] Мындайча айтканда, мамлекттик орган менен анын өкүлдөрү жарандардын көйгөйлөрүнөн акча жасап жатышат», — дейт Баратов.
Жалпысынан ПМББ Бишкекте төрт айып токтотуу жайын колдонот. Бирөө мамлекеттик болсо, үчөө жеке менчик айып унаа токтотуу жайы. Бардык жеке айып унаа токтоотуу жайлардын ээлери менен ПМББнын алдындагы «Техникалык дайындоо борбору» ишканасынын ортосунда таза киреше экиге бөлүнөт деген келишим түзүлгөн.
«Техникалык дайындоо борборунун» начальниги Алмазбек Дүйшеевдин айтымында, суткасына 100 сом алгылыктуу эле баа, анткени «жумуш өтө оор».
«Негизинен жол кырсыгына кабылган машиналар келип түшөт, тагыраак айтканда, биз алардын сактыгына жооп беребиз. Машина келгенде каттоого алабыз, ал так эле ошондой бойдон алып кетет. Жумуш абдан кыйын, мас абалдагы айдоочулар менен иштешебиз. Тактап айтканда, анын ичине айлык маяна, свет, видео байкоо техникаларын тейлөө чыгымдары камтылган», — дейт ал.
Дүйшеев жеке ишкерлер менен болгон жумуштун негизги себеби инспекторлордун жумушун жеңилдетүү болуп эсептелет, анткени алар тез арада машиналарды айып токтотуу жайына коюшу керек дейт.
«Негизги максат киреше табуу эмес, айып унаа токтотуу жайлары иштеп турушу керек […] Өзүбүздүн айып унаа токтотчу жайларыбыз жок, ошондуктан биз жеке ишкерлер менен келишим түзүүгө мажбурбуз», — деп ишендирди ал.
«Мурдагы аялы, анда кызыкчылыктар кагылышы жок»
Ал эми Молдогазиев өзү айып унаа токтотуу жайын көзөмөлдөп турганын четке кагып, ал жай мурдагы колуктусунуку экенин белгилөөдө. Анын айтымында, алар 2015-жылы расмий түрдө ажырашышкан.
Молдогазиев 2012-жылы ЖККда иштегенин төгүндөдү, бирок ал мында кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн эмес жана кандайдыр бир мыйзам бузуулар жок деп эсептейт.
«Бул жерде кандай кызыкчылык болушу мүмкүн? Ал [колуктум] конкурстун негизинде бул жерди утуп алган […] Эчак эле ажырашканбыз, бирок расмий түрдө эки жыл мурун ажыраштык», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына.
ПМББнын басма сөз катчысы Медер Шабданов учурда Молдогазиевдин жумушу айып токтотуу жайы менен байланыштыгы жок экенин айтып ишендирүүдө.
«Учурда ал бул айып унаа токтотуу жайына эч кандай таасир эте албайт. Ал таптакыр башка бөлүмдүн ага инспектору. Айып унаа токтотуу жайлары анын ишмердүүлүгүнө тийиштүү эмес», — деди ал.
Бирок ага карабастан Дүйшөналиева ажырашканга чейин айып унаа токтотуу жайына ээлик кылган, ал эми Молдогазиев ЖКК түзүмдөрүндө бери дегенде эле 2009-жылдан тарта иштеген.
Ички иштер министрлиги Молдогазиев жөнүндө ал 2012-жылы кайсы кызматты ээлеген, анын колуктусу айып унаа токтотуу жайы үчүн жерди качан ижарага алганы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. ИИМде бул маалымат жашыруун экенин негиз кылышты.
Бирок 2015-жылы Молдогазиев ЖККнын начальнигинин орунбасары экени жана кийинки жылы кызмат патрулдук милицияга өзгөртүлгөнгө чейин начальниктин милдетин аткарып турган так белгилүү.
«Ажырашышкан эмес, анда кызыкчылыктар кагылышы бар»
Молдогазиев ажырашканын айтканына карабастан өзү менен Дүйшөналиева бир даректе катталган жана чогуу жашашат. Бул туурасында сурамжыланган кошуналары да менен салык кызматынын көчүрмөсү да айтууда.
Ал эми Жыпара Дүйшөналиева өзү Молдогазиев менен дагы деле никеде турганын жана чогуу жашап жатышканын айтууда. Ал бул нерсени Kloop.kgнин кабарчысы кат жеткиргич деп өзүн тааныштырганда тастыктаган.
Бирок ЖККнын мурдагы начальниги колуктусу менен бирге жашабайм деп айтканынан кайтпай турат.
«Ооба, [бир үйдө] катталганбыз, каттоодон чыга элекмин. Бул калп, кошуналар айта беришет», — деп ишендирүүдө ал.
«Прецедент» тобунун юристи Иляна Жедигерова айып унаа токтотуу жайы боюнча кызыкчылыктар кагылышы бар экенин көрүүдө, жада калса Молдогазиев Дүйшөналиева менен ажырашкан болсо деле анын колуктусу алар никеде турган кезде айып унаа токтотуу жайын ижарага алган.
Жедигерованын айтымында, бул «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесине каршы келет. Бул беренеге ылайык, кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же иш-милдеттерин аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болуп мыйзамдын бузулушуна алып келет.
«Жерди ижарага алып жаткан учурда алар никеде болгон болсо, анда ишкердиктен алынган киреше — алар ажырашканга чейинки биргелешкен менчиги деп эсептегенге негиз бар. Бул кирешелерге карата потенциалдык кызыкчылык Молдогазиевге өз милдеттерин аткарууга таасир эткен болушу мүмкүн жана мыйзам бузууга алып барган болушу ыктымал», — деди юрист.
ИИМнин өздүк коопсуздук кызматы Kloop.kgге эгерде аларга Молдогазиевге карата арыз түшсө жагдайды иликтөөнү баштаганга даяр экенин билдирди.
Редактор: Элдияр Арыкбаев