Президент катышкан бардык расмий иш-чаралар көптөгөн эрежелер же чектөөлөр менен өтөт. Мындай нерсе Эгемендүүлүк күнүндө дагы болду. Кабарчыбыз Регина Им мамлекеттик масштабдагы кезектеги иш-чараны чагылдыруу кандай болгонун айтып берди.

Саат 8:30да мен Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара менен президенттин куттуктоосун чагылдыруу үчүн аянтка келдим. Мындай деңгээлдеги иш-чарага мага «президенттин дресс-кодундагыдай» кийинип келүүгө туура келди.

Аянт ар кандай күч түзүмдөрүнүн кордондору менен тосмолонгон. Мен «журналисттердин КППсына» жеткиче саат 8:40 болду.

— Журналисттер өтүп кетишти. Сиз кечиктиңиз.

Же талаптагы кийимби же текечер жылдызынын жагымдуу орун алгандыгыбы, бул таңда мага ар кандай коопсуздукту сактаган кызматкерлер менен коомчулук менен байланыш бөлүмдөрүнүн чектөөлөрүнөн өтүп кетүүгө мүмкүн болду.

Аянтка болгон күчүм менен чуркап барып, мына келип калат деп турган операторумду КППдан өткөргүлө деп кыйкырып жаттым. Режиссерлор башкарган патриоттук ырлардын коштоосунда чуркап бара жаттым.

— Жылмаябыз. Оң кол менен борбордогу тизмекке, мен биринчи оң кол менен деп жатам! Эмнеңер менен угуп жатасыңар? Жылмаябыз! — деп команда берип жатты ал.

Саат так 9:00 болду. Даярдануу кызуу жүрүүдө. Аянтта студенттер, уюштуруучулар жана журналисттер. Программада көрсөтүлгөндөй саат 9:00дө башталбай турганы түшүнүктүү болду. Аз гана жылмайгың келет.

Жылдыздар оператордун бактысына жараша болбой, аны КППдан өткөрбөй коюшту. Бактыга жараша, президенттик аппараттын басма сөз кызматкери абалды оңдой алды.

Ал кордондогу аскерлер менен сүйлөшө албай койду, ошондуктан биздин операторду жогорку кызматтагы аткаминерлер өтө турган башка өткөрмө пунктунан өткөзүүгө туура келди.

Аскерлер чоң коркунучту суу куюлган бөтөлкөлөрдөн көрүп жатты — аларды КППда калтырууга туура келди. Ошондуктан кордондун ичиндеги суу эң баалуу зат. Кичинекей «Легенда» бөтөлкөсүндөгү сууну КТРКнын кабарчысынан байкап калышканда дароо эле кантип өткөрүп кеттиң деп суроо жаадырып жатышты.

Эч нерсе өткөрүп кетүүгө болбоду. Уюштуруучулар эки блок суу алып келишти, бирок алар расмийлер үчүн алынып келинген экен. Мен жок дегенде бирөөнү саткыла деп сунуштадым, бирок «чыдап тургула» деген жооп алдым.

Ал учурда саат 10 болоюн деп калган. Катарлар аксакалдар менен элчиликтин кызматкерлерине толуп жатты. Кордон тараптан коркунучтуу үндөр угулуп жатты. Жакын басып келип классикалык көрүнүшкө күбө болдум: элдер ичине кирүүгө аракеттенишип жаткан экен, бирок кароолдогулар аларды тосуп турду. Телефонго тарта баштап, бул секундаларга чейин шаардыктардын толкунун чектеп тургандардын бардыгынын көңүлүн бурдуруп алдым.

— Тартууга болбойт, — деп кара пижак кийген жана күн өткөрбөгөн көз айнек тагынган адам буйрук кылып кайрылды.

«Башталды, — деп ойлонуп, мен кайра видеого тарта бердим. — А эмнеге болбойт?»

Жооп иретинде анчейин түшүнүксүз жана негизсиз түшүндүрмө алдым. «Мен — пресса» дегенде гана күзөт кызматкери эпке келип, кесиптештеринин жүздөрүнөн башка бардыгын тарта берүүнү сунуштады. Мен буга макул болдум.

Саат онго беш мүнөт калганда аянтка президент Алмазбек Атамбаев келип, күн тоскучтун алдына келип орун алды. Шахмат түрүндө тизилген өспүрүм балдар менен кыздар чогулуп келип жылмайып алышты.

Күндөн жашынып турган журналисттерге көлөкөдөн чыгууга туура келди. Иш-чаранын расмий бөлүгү башталды. Бири-бири менен түртүшүп, нааразы болгон көздөрү менен карашып, журналисттер прессага каралган аянтчага 8-10 метрге тизилишти.

Операторлор менен сүрөтчүлөрдүн кийинки максаты — объективдердин так алдында турган күзөт кызматкерлерин кадрга албай жалпы планды сүрөткө тартып алуу.

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун амандашуусунан кийин сахнага куттуктоо сөзү менен президент Алмазбек Атамбаев чыкты. Журналисттердин жарымы алдыга суурулуп чыгып, так сахнанын алдына отурукташышты. Сценарий боюнча, массовка куттуктоо сөзү учурунда сахнада калышы керек.

Фотографтардын бири 8-10 мүнөттөрдө ала-була кийинип тизилген студенттердин арасынан сахнанын артына ийнинен кармап бир бийкечти сууруп кетти. Чоң кыз дээрлик өзү баскан жок, менимче, ал эс-учун жоготуп койгон. Президенттин сөзү бүткүчө сахнадан үч кызды «сууруп» чыгарышты. Дагы төрт кыз эс-учун жоготконго чейин күтпөй, кадам сайын баштарынан куштун канаттары тагылган баш кийимдерин чечип, өз алдынча сахнадан чыгып кетишти.

Президенттин сөзүнө токтолбойм, анткени менин кесиптештерим бул жөнүндө жазып коюшкан. Болгону эки чоң көлөмдөгү мониторлор өлкө башчыны бир нече жолу жашыл түс менен боёп турду.

Атамбаевдин куттуктоо сөзүнөн кийин концерт башталды. Бул жерден режиссерлор менен уюштуруучулар көрүүчүлөрдү укпаган же көрбөгөн шоу программалар менен кулактарын тундурушкан жок.

Сахнага ата мекендик поп-эстрада жылдыздары чыгып жатышты, ал эми аянттын ылдый жагында кээде аскерий мазмундагы чыгармалардан алыстап турган аскерлер оркестри жаңырып, кандайдыр бир фанки-жемге чөмүлүп жатты.

Концерттик программалардын финалында ардактуу караулдун ротасы көз жоосун алган формада тап-так кадамдар менен аянтка тууну алып чыгышты. Иш-чара соңуна чыгып, коноктор тарай башташты.

Байкашымча биз пресс-анонсто айтылган жер үстүндөгү жана абада жүрүүчү аскерий техникалардын парадын көрүүгө ашыккандардын соңкулары окшойбуз. Башкалар штативдерин жыйнап жатышканда, биз күтүп турдук.

— Балдар, аскерий тик учактарын убада кылбадыңар беле? Кандай ойлойсуңар, болобу? — деп кесиптештериме кайрылдым.

Жообуна каткырыктарды алдым.

Эми бардык үмүттөр фонтандын үстүндөгү жалтылдаган тууда калды.


ТЕМА БОЮНЧА: