Токтогул: Тургундар экологияга зыян деп Узун-Акмат кенинин жолун бууп салышты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Күңгөй айылынын тургундары 3-сентябрда «Кассана Минералс» тоо кен өндүрүү компаниясынын өкүлдөрүнө Узун-Акмат алтын кен жайына барчу жолун тороп салышкан. Тургундардын айтымында, тоо кенде экологияга жана ден соолукка зыян келтире турган уран бар.

«АКИпресс» басылмасынын маалыматына ылайык, тургундар соңку алты айдан бери кенге барчу жолду бууп келишет. Күндүзү жолду аялдар, кечкисин эркектер бууп жатышат.

Айылдыктар «Кассана Минералс» компаниясынын лицензиясына карабастан тоо кенди иштетүүгө каршы чыгышууда. Тургундардын айтымында, кенди иштетүү экологияга жана адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизет.

Жашоочулар бул боюнча эч кандай коомдук уктуруулар болгон эмес деп айтышууда. Аларды кенди иштетүү боюнча компания жарык үчүн зым-карагайларды орното баштагандан кийин гана кабардар кылышкан.

Айыл өкмөттүн башчысы Анарбек Мамбетов Kloop.kgге курган маегинде айткандай, учурда тургундар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат жана кенди иштетүү боюнча маселе 20-сентябрга чейин жөнгө салынмакчы.

«Администрацияда комиссия түзүлдү. Маселе 15-20-октябрга чейин чечилет. Компаниянын өкүлдөрү элдин алдында иштер кандай болоору туурасында өз сунуштарын, шарттарын айтып беришмекчи. […] Компаниянын өкүлдөрү акыркы чечим чыккыча эч нерсе кылышпайт», — деди Мамбетов.

Бирок Ички иштери министрлигинен кенге бараткан жолду тургундар тоспогонун билдиришти.

«Эч ким тосмо койгон эмес. Ал жерде жакында 3-4 аял чогулган. Калгандары — жөн эле жүргөн кишилер. Окуя болгон жерге Токтогул РИИБинен кызматкерлер барышкан. Маселени дароо жөнгө салышкан. Жергиликтүү тургундар менен компаниянын кызматкерлери жолугушуп, сүйлөшүүнү чечишкен. 4-сентябрда жол тосуу факты катталган эмес», — деди ИИМден.

Кыштактын тургундары эки жылдан бери Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршы чыгып келишет. Анткени, алардын айтымында, ал жерде уран бар.

Бирок 2016-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, кен жайгашкан жер кыртышында уран байкалган эмес.

Уран — негизинен өзөктүк реакторлорго жана курал-жарактарга пайдаланылган аз радиоактивдүү металл. Бул металл уулуу болгондуктан организмге тийээри менен бардык органдарга таасир этет.

Сүрөт: «АКИпресс»