Келдибеков БШК менен соттошот

Парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясы менен президенттикке талапкер катары каттабай койгону үчүн соттошот. БШК соттолгондугу жоюла электигин жүйө келтирип, саясатчыны каттоодон баш тарткан.

Саясатчы БШК анын укугун бузду деп эсептейт. Анын айтымында, БШКнын жыйынына болгону сегиз адам катышып, калган төртөө жок болгон.

«Бизге БШКнын эки мүчөсү каршы болгон кагазды көрсөтүп коюшту. Бирок Боршайкомдун мүчөлөрү ишеним кат боюнча добуш бере ала тургандыктары боюнча бир дагы мыйзамда жазылган эмес», — деди Келдибеков.

Ал мыйзамдын бардык талаптарын аткарганын айтып, ошондуктан аны шайлоого катыштырбоо үчүн негиз жок деп эсептейт.

«Мен Боршайком чыгарган бардык талаптарды аткардым. 30 миң кол белги тапшырдым. БШКнын мүчөлөрү 10 күн ичинде жооп бериши керек болчу, бирок аны да кылышкан жок», — деди ал.

Келдибеков сотто өз чындыгын далилдемекчи жана «чындык ачыкка чыгат» деп үмүттөнөт.

Келдибековдун айтымында маалыматтарды жасалмалоо болгон, ошондуктан күнөөлүүлөр сот жообуна тартылышы керек.

Каттоодон баш тартуу

Боршайком каттоодон баш тартууга анын соттолгондугунун жоюла электиги негизги себеп болгонун айткан.

Атайын кызмат Келдибековду 2013-жылдын ноябрында кармап, УКМКнын тергөө изоляторуна камаган.

Келдибековго ар кандай кызматтарда аткаминер болуп иштеп жүргөн жылдардагы коррупция иштери боюнча күнөө тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2002-2005-жылдар аралыгында Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдарда Салык кызматында иштеп жаткан кезинде пара алган.

Штрафты Келдибеков ушул жылы төлөгөн, ошондуктан анын соттолгондугу бир жылдан кийин жоюлат. Мыйзам боюнча, соттолгондугу жоюла элек адам президенттикке талапкер боло албайт.

Келдибековдон тышкары президенттикке бир канча талапкерлер БШКны сотко бергенге даярданып жатышат. Алар: Рита Карасартова, Камила Шаршекеева жана Турсунбек Акун.

Алар БШКнын талапкерлердин колдоосуна чогултулган көп сандагы кол белгилерди жаратпай салганына нааразы. Ошондуктан алар мыйзам боюнча минималдык 30 миң деп белгиленген ченемден өтүү үчүн кол белгилердин санын толуктай албай жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: