Исаков: Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 115 млн долларлык келишимдерге жетишишти

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков билдиргендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын компанияларынын ортосунда 115 млн долларлык келишимдер түзүлгөн.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Исаков Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон алгачкы сапарында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда 115 млн АКШ долларын түзгөн келишим пайда болгонун билдирди.

«Жакын арада [келишимдер] иштелип чыгып, кол коюлат. Бул факт абдан кубандырат жана бул алгачкы кадам», — деди Исаков.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында келишимдерге жетишишүү болгонун кошумчалады.

«Биз, эки өлкөнүн өкмөтү, оңтойсуз абалга калтырбоого аракет кылабыз. Болушунча аракеттенебиз», — деп билдирди өкмөт башчы.

Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары учурунда кыргыз-өзбек бизнес форуму дагы өттү.

Кыргызстанга өзбек делегациясынын курамында Өзбекстандын курулуш, тамак-аш өндүрүү компанияларынын, өнөр-жай жана косметологиялык тармактардын өкүлдөрү келишкен.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 170 млн долларды түзгөнүн айтып, бул 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу эки эсе көп экенин кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелери 2016-жылдын күзүндө биринчи президент Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жакшыра баштаган.

Советтер биримдиги тарагандан бери эки өлкөнүн ортосунда такталбаган чек ара маселелери жана суу ресурстары боюнча пикир келишпестиктер болуп турган.

Авторлошу: Айзирек Иманалиева


ТЕМА БОЮНЧА: