Мотуевдин коррупция боюнча билдирүүсүнөн кийин абак текшерүүгө алынды

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Бишкектеги №32 түзөтүү абагын текшерип жатат. Текшерүүгө «Жоомарт» патриоттук кыймылынын башчысы Нурлан Мотуевдин аталган жайда коррупция бар деп айтканы себеп болгон.

МЖАКтын төрагасы Таалайбек Жапаров билдиргендей, мекеменин коллегиясы Мотуевдин фейсбуктагы кайрылуусунан кийин абактын кызматкерлери менен начальнигин текшере башташкан. Активист абакта «мыйзамсыздык болууда» деп билдирген.

Жапаровдун айтымында, Мотуев өзү келишимдик негизде абак мөөнөтүн өтөп жатат. Абактын жетекчилиги ал менен келишимге кол койгон, келишим боюнча соттолгон адам камакта отурбаса болот.

Мотуев абакка бир жумада бир келип каттоодон өтүп турушу керек. Келишим боюнча ал иштей берсе болот, бирок кирешесинин 20 пайызын абактын бюджетине которушу керек.

Жапаров билдиргендей, Мотуев фэйсбуктагы кайрылуусуна чейин кол коюлган келишимдин шарттарын бир нече жолу бузгандан кийин абактын начальниги Тимур Анаркулов аны жазалаган.

«Соттолгон адам белгиленген убакытта эки жолу абакка келбей койгон. Мындай учурда абактын начальниги соттолгон адамды штрафтык изоляторго камап жазалоого укуктуу. Мындан кийин ал абактын начальнигине каршы чыгып калган. Ал эми абактын начальниги өзү мыйзамдын талаптарын аткарат», — деди Жапаров.

Бирок Мотуев өзүнүн фейсбук барагында камакка алынгандардын кордолушун токтотууну каалап жатканын билдирген.

«Бул начальник ачык эле уурулук жана коррупция менен алектенип жатат, анткени ал жакта макорон, ширетүү менен мебель чыгарган цехтери бар. Эки ай мажбурланып абакта жашаган учурумда мен көптөгөн көз боёмочулуктар менен абактын начальнигинин уурулугуна күбө болдум», — деп билдирди Мотуев өзүнүн видео кайрылуусунда.

Мотуевдин айтымында, абактын аймагына дайыма Анаркуловдун «достору келип» азык түлүктөр менен эмеректерди жүктөп кетишчү. Мотуев билдиргендей, Анаркулов бардык соттолгондорду күнү-түнү иштөөгө мажбурлайт.

«Наарызылыктарын билдиргендерди ал 15 суткага изоляторго жөнөтөт», — деди Мотуев.

Ошондой эле, Мотуев Анаркулов өзү жеке соттолгондор менен абактын кызматкерлерине кол көтөрөөрүн айтты.

Абактын жетекчилиги азырынча Мотуевдин кайрылуусуна эч кандай комментарий бере элек.

Сот Мотуевди 2017-жылдын августунун аягында «Террористтик ишмердикке ачык үгүттөө» жана «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Соттун чечимине ылайык, Мотуев жатак-абагына жети жылга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, Мотуевге саясат менен алектенүүгө үч жылга тыюу салышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: