«Центерра» Ысык-Көлдү тазалоого 50 млн доллар бөлөт

«Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд Инк» компаниясы Ысык-Көлгө тазалоочу курулуштарды салуу үчүн 50 млн доллар бөлүүгө даяр.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, «Центерра Голд Инк» компаниясы жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар бөлөт. Аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жумшалат.

Андан тышкары, бул компания мындан ары 3 млн доллар өлчөмүндө экологиялык төлөм бөлүп турат. Буга чейин бул сумма 310 миң долларды түзгөн.

Ошондой эле канадалык компания өлкөдөгү Онкологиялык борборду техникалык жабдуулоого 10 млн АКШ долларын бөлөт.

Өмөттүн маалыматына ылайык, «Центерра Голд Инк» тараптар толугу менен Кыргыз Республикасы жана Стокгольм шаарындагы (Швеция) эл аралык арбитраждык сотто экологиялык териштирүүлөрдү чечип, толугу менен бир пикирге келгенден кийин каражат бөлүүнү чечкен.

Каражат компания менен өкмөттүн ортосундагы келишимди парламент ратификация кылгандан кийин бөлүнөт.

Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы 1992-жылдан бери  «Кумтөр» кенинде алтын өндүрөт. Кыргызстандын компаниядагы акцияларынын үлүшү дайыма өзгөрүп келген, ал эми учурда кайра каралып чыккандан кийин акциянын үлүшү 32 пайызды түзөт.

Бүл өлкөнүн ири ишканасы, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү ИДП карата 6,8% түзгөн.

Кыргызстандын бийлиги «Центерра Голд Инк» менен 2013-жылы соттошо баштаган. Териштирүүлөр бир гана Кыргызстанда эмес эл аралык деңгээлде дагы жүргөн.

Кыргызстандын негизги койгон дооматы — «Кумтөрдү» иштетүүдөгү экологияга келтирилген зыян. Өкмөт аталаган компаниядан Кыргызстанга 7,05 млрд АКШ долларын төлөп берүүнү талап кылууда.

Ал эми компанияда коюлган дооматтарды моюндабай, кыргыз сотторунун чечимин дайыма талашып келишет. Бул боюнча териштирүүлөр эл аралык деңгээлде дагы жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: