Талас: Милиция беш жашар кызды зордуктоо аракети боюнча кылмыш ишин козгоду

help me!

Укук коргоо органы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы беш жашар кызды зордуктоо аракети болгонун айтып кайрылган кыздын туугандарынын арызы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бакай-Ата районунун прокурору Замирбек Жумабеков Kloop.kgге курган маегинде айткандай, жабыр тарткан кыздын туугандары 30 жаштагы таанышына каршы милицияга арыз беришкен.

Анын айтымында, кыздын туугандарында зордуктоо боюнча «кыйыр түрдөгү далилдер» бар.

«Учурда тергөөнүн эч кандай далили жок. Биз ал күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин билбейбиз. Конкреттүү акт болгону аныктала элек», — деди Жумабеков.

Жумабеков кыздын денесинде зордуктоонун көрүнүктүү болгон сыйрык, көгала же тытылган тактары жок экенин айтты.

Шектүү адам учурда камакта. Милиция соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык экспертизаларды дайындап, «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эгерде шектүүнүн күнөөсү далилденсе, ал 20 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: