Шопоков: Мамэкотехинспекция тургундардын ден соолугуна зыяндыгы үчүн заводдун ишин токтотту

Мамэконтехинспекция Чүй облусунун Шопоков шаарчасындагы «Лахор Стиль Микс» темир өндүрүү заводунун ишин токтотту. Анткени анын иши жергиликтүү экология менен элдин ден соолугуна зыян тийгизүүдө.

Мамлекеттик мекеменин маалыматына ылайык, завод мыйзам бузуулар менен иштей баштаган. Темирди өндүрүүдөгү чыккан түтүн бир гана айлана-чөйрөгө зыянын келтирбестен, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна дагы зыянын тийгизе баштаган.

«Тургандуар бир нече жолу заводдун жетекчилигине кайрылышкан, бирок ал эч бир жыйынтык берген эмес. […]  Заводдон күнү-түнү чыккан зыяндуу заттар менен жагымсыз жыттар тургундардын үйлөрүнө чейин жетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жаткан», — деп айтылат эксперттердин корутундусунда.

Ишкананын зыяндуу чыгындылары адамдардын тери оорусун пайда кыла баштаган. Мамэкотехинспекциянын талабына ылайык, завод түтүктүн узундугун беш метрге узарткан. Бул жардам бербей, зыяндуу заттар адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизе бергенин уланткан.

Текшерүүдөн кийин заводдун жумушу токтотулуп, иликтөө жана анализ жүргүзгөн атайын комиссия түзүлдү.


ТЕМА БОЮНЧА: