Милиция 12 жашар кызга карата «бузуку иштерди» кылууга шектүү дарыгерди кармады

help me!

Укук коргоо органдары Чүй облусунун Орловка шаарынын ооруканасында 12 жашар кызга карата «бузуку иш» кылган врачка кылмыш ишин козгоду. Жабырлануучунун туугандарынын билдиришинче, врач кызга шал кылуучу ийне сайып, зордуктоого аракет жасаган.

Чүй облустук ИИБинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, Орловка шаарынын Жалпы дарыгерлердин практика борборунун врач-терапевти 9-сентябрда кармалган.

«Арызда баланын апасы кызына врач асылганын айтып берген. Кыздын апасы милицияга врач шал кылуучу ийне сайып, адан кийин кармалап өпкүлөгөнүн маалымадаган», — деди ал.

Кыздын агасынын айтымында, бул окуя 6-сентябрда кыз өзүнчө палатада жаткан учурда таң эрте болгон.

Жабырлануучу апасына ага кыймылсыз кылган укол таасирин бергиче врач уламдан-улам палатага кирип жатканын айтып берген.

«Ал менин бутумдун ортосун кармалаган, мен катуу жыныс мүчөсүн сездим, ал аны менин бутумдун ортосуна багыттаган. Менин этек айызым келип жаткан болчу, мүмкүн ошол нерсе аны токтотту. Мен денемде анын жыныс мүчөсүнүн кыймылын сезип жаттым», — деди ал.

Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, врач кетип шал кылуучу ийненин таасири тарагандан кийин кыз дароо эле ата-энесине телефон чалган. Ошол күнү эртең менен алар дароо эле милицияга кайрылышкан.

Токтосуновдун айтымында, тергөө аяктаганга чейин врач Кемин районунун убактылуу камоо изоляторунда болот.

Укук коргоо органдары «Бузукулук иш кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө экспертизанын бардык керектүү жыйынтыктарын күтүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: