Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиргендей, соттолгон адамды бир абактан башка бир абакка жеткирүү учурунда белгисиз бирөөлөр «катуу сабашкан». Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы (МЖАК) окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Улуттук борбордун маалыматына ылайык, соттолгон адамды 5-сентябрда №27 абактан №21 абакка алып бара жатышкан.

Соттолгон адамды конвойдун коштоосунда таң эрте абактын аймагынын четине алып чыгышкан.

«Жабырлануучунун айтымында, аны аталган жайдын аймагынын тышына алып чыгышкандан кийин белгисиз адамдар аны катуу токмоктоп салышкан. Соттолгон адамды көп учурда башка жана колу бутуна чапкылашкан», — деп билдиришти аталган борбордон.

Борбордо соттолгон адамдын денесинен тытыктар менен уюган кандын шишиктерин байкашкан.

Борбордун кызматкерлери тийиштүү чаралар көрүлүшү үчүн материалдарды прокуратурага өткөрүп беришти.

МЖАК Kloop.kgнин кабарчысына бул окуя боюнча текшерүүлөр жүрүп жатканын билдиришти.

«Учурда биз бул маалыматты текшерип жатабыз, анткени анын чын-төгүнүнө ишенбей турабыз», — деп билдиришти МЖАКтан.


ТЕМА БОЮНЧА: