Кыргызстан «Центеррага» каршы берген дооматтарын кайтарып алат  

Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясына каршы берген экологиялык дооматтарын артка кайтарат. Буга чейин өкмөт алтын кенин иштетүүдө экологияга келтирилген зыяндын ордун толуктап берүүнү талап кылган.

Өнөр жай, энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскулов билдиргендей, өлкөнүн өкмөтү менен компаниянын жетекчилиги дооматтарды кайтаруу боюнча келишишкен.

Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги экологияга келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылып, компанияны сотко беришкен. Ал эми компания өзү өлкөнүн дооматтарына макул болбой, Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берген.

«Эми кол коюлган келишимге ылайык, биз дооматтарды артка кайтарабыз, "Центерра" дагы өз дооматтарын кайтарып алат. Бул эки тарапты бирдей ынандырган чечим болду», — деди Рыскулов.

Тараптар «Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү» келишимине кол коюшту, ал 11-сентябрга чейин дооматтарды артка кайтарууну шарттайт.

Канадалык компания кенди иштетүүдө экологиялык абалды жакшыртууну убада кылды.

«Центерра Голд Инк» компаниясы жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар бөлөт. Аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жумшалат.

Андан тышкары, бул компания мындан ары жыл сайын 3 млн доллар өлчөмүндө экологиялык төлөм бөлүп турат. Буга чейин бул сумма 310 миң долларды түзгөн.

«Центерра» менен кыргыз өкмөтүнүн соттошуусу

Кыргызстандын бийлиги «Центерра Голд Инк» менен 2013-жылы соттошо баштаган. Териштирүүлөр бир гана Кыргызстанда эмес эл аралык деңгээлде дагы жүргөн.

Кыргызстандын негизги койгон дооматы — «Кумтөрдү» иштетүүдөгү экологияга келтирилген зыян. Өкмөт аталаган компаниядан Кыргызстанга 7,05 млрд АКШ долларын төлөп берүүнү талап кылган.

Ал эми компанияда коюлган дооматтарды моюндабай, 2016-жылдын май айында Кыргызстандын өкмөтүнө каршы Гааганын арбитраждык сотуна арыз берген. Анда «Центерры Голд Инк» компаниясынын өкүлдөрү мамлекттик органдардын иш-аракеттери ишкананын жумушун жөнгө салып турган келишимин бузат деп билдиришкен.

Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы 1992-жылдан бери  «Кумтөр» кенинде алтын өндүрөт. Кыргызстандын компаниядагы акцияларынын үлүшү дайыма өзгөрүп келген, ал эми учурда кайра каралып чыккандан кийин акциянын үлүшү 32 пайызды түзөт.

Бул өлкөнүн ири ишканасы, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү ИДПнын 6,8% түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: