Шайлоо-2017: Келдибеков менен Масалиев БШКга каршы сотто утулуп калышты

Ахматбек Келдибеков менен Исхак Масалиев бардык сот инстанцияларында Борбордук шайлоо комиссиясынан утулуп калышты. Буга чейин БШК Масалиев менен Келдибековду президенттикке талапкер катары каттабай койгон.

Жогорку сот БШКнын Келдибековду каттоодон баш тартуусун укук ченемдүү деп тааныды. Масалиевдин аразын кабыл алуудан баш тартышты, анткени ал сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Келдибековду каттоодон баш тартууга Боршайком саясатчынын соттолгондугу жоюла электиги негизги себеп болгонун айткан.

Келдибеков 2016-жылы «Коррупция» беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2002-2005-жылдар аралыгында Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдарда Салык кызматында иштеп жаткан кезинде пара алган. Саясатчы 10 млн сом өлчөмүндө штраф төлөшү керек болчу.

Штрафты Келдибеков ушул жылы төлөгөн, ошондуктан анын соттолгондугу бир жылдан кийин жоюлат. Мыйзам боюнча, соттолгондугу жоюла элек адам президенттикке талапкер боло албайт.

Масалиевди Боршайкомго президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан, анткени комиссия саясатчынын колдоосуна чогултулган 30 миң 470 кол белгини жараксыз деп таанып, болгону 6206 кол белгини кабыл алган.

Өлкөдө президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда өлкө башчылык кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: