«Мир» телеканалы 10-сентябрда Кыргызстандагы улуттук оюндар боюнча сюжет чыгарып, аны «аборигендердин майрамы» деп атады.
Бул интернетте нааразычылык толкунун жаратып, каналдын жетекчилиги сюжетти чыгаргандарга сөгүш жарыялады.
Бирок интернеттеги ар бир эле колдонуучу «абориген» деген сөздүн эмнеси кемсинтүүчү экенин түшүнө бербесе керек.
Бул колонканын автору «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер. Макала анын жеке көз карашын билдирет.
Эмнеси кемсинтүүчү?
«Абориген» латын тилиндеги «ab origine» деген сөздөн келип чыккан. Аны болжолдуу «баштапкы» деп которсо болот. Ал түшүнүктү британиялык басмачылар Австралиянын түпкүлүктүү элине карата колдоно баштаганга чейин чындыгында эле бул сөз XVIII кылымга дейре терс маанини билдирген эмес.
Түпкүлүктүү австралиялыктарда мурун эч качан болбогон «абориген» сөзүн ойлоп тапкан британиялыктар алардын жерлерин тартып алып, аларды чөлгө айдап, өлтүрүп, зордук-зомбулук көрсөтө баштаган. Ошондуктан бул сөз аябагандай терс нерсе менен айкалышат (ошондой эле башында жөнөкөй эле «кара» деген маанини туюнткан «negro» испан сөзү бара-бара кул ээлөөчүлүк жана расизм менен байланышып, өтө кемсинтүүчү мааниге ээ болуп кеткен).
Күнүмдүк турмуш-тиричиликте Австралиянын түпкүлүктүү элин басмырлоо бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Өлкөнүн расмий бийлиги бул көрүнүш менен болгону кечээ жакында эле, XX кылымдын аягында күрөшө баштаган.
Андан тышкары, «абориген» сөзү Австралиядагы этникалык ар түрдүүлүк эске алынбастан колдонулган — британиялыктар тилине жана маданий ар түрдүүлүгүнө карабастан бардык жергиликтүү элдерди ошентип аташкан.
Мунун себеби, түркөйлүк, тоготпогондук болушу ыктымал. Анткени британиялыктар майда-чүйдө нерселерге маани берүүнү каалашкан эмес, аларга жергиликтүү калкты бир масса катары мүнөздөш үчүн кандайдыр бир жалпылоочу сөз керек болгон.
Терс мааниси жагынан «аборигенге» тектеш сөздөр «индеец» (Түндүк Америкада), «эскимос» же болбосо «туземец» болуп саналат.
Кыргызстан колония болгон эмес беле?
Бул таталыраак суроо, бирок колониализмдин бардык белгилери боюнча алып караганда, болгон десек болот.
Борбордук Азия ресурстар жана жерлер үчүн Орус Империясы тарабынан басылып алынган — бул колониализмдин негизги белгилеринин бири. Жергиликтүү элдер белгилүү бир убакытка чейин өз маданиятына олуттуу түрдө кийлигишүү болгонун сезишкен эмес, бирок кийинчерээк бул баары бир ишке ашкан.
Бул өзгөчө 1930-жылдардагы массалык түрдө орусташтыруунун башталышы менен байкалган. Колониализмдин дагы бир ачык белгиси — бул, мисалы, көптөгөн советтик мектептерде жергиликтүү тилдер окутулган эмес.
Мисалы, Кыргыз ССРиндеги орус тилдүү мектептерде 1990-жылдардын башына чейин эч кандай кыргыз тил сабагы өтүлгөн эмес.
Натыйжада, жүз миңдеген этникалык кыргыздар кыргыз тилин билишпейт, ал эми кыргыз тилин билген этникалык орустар аябай аз — бул дагы колониализмдин классикалык көрүнүштөрүнүн бири.
Кыргызстандын жашоочулары орус имериясы менен советтик доорго карата ар кандай гана мамиледе болбосун бардыгында эле бул замандар жакшы нерселер менен айкалышпайт.
Кыргызстандагы дал ошол маданий колонизациядан улам ушул күнгө чейин кыргыз маданияты жөнүндөгү кандай гана тамаша болбосун катуу кабыл алышат (чучуктун айланасындагы окуяны же болбосо норвегия телеканалындагы сөгүнгөндөрдү эстеп көргүлө). Ошондуктан «Мир» телеканалы да муну эске алышы керек болчу.
Анда бул цензура болуп калбайбы?
Цензура менен сезгичтиктин ортосунда айырма бар.
«Абориген» сөзүн пайдаланууга толугу менен тыюу салынып, ал үчүн абак жазасы каралса, анда бул цензура болмок. Жана бул түп тамырынан туура эмес болмок, албетте.
Ооба, журналисттер бир чети өз материалдары менен кимдир бирөөнү таарынтып алам деп коркпошу керек. Бирок бул качан гана кылмыштын бетин ачууда, коррупцияны иликтөөдө, адам укуктарынын бузулушу туурасында жазып аткан болсо жөндүү.
Башкача айтканда, журналистке кандайдыр бир кара санатай адамдын жаман иштерин ачып чыкканы үчүн таарынып жаткан болсо, анда бул журналисттин эң сонун иш жасаганын гана билдирет.
Ал эми бул жерде капа болууга эч ким түрткү берген жок, түшүнбөстүк боюнча абал жөн эле чыгып кетти — биринчи кезекте бул «Мир» телеканалынын түркөйлүгүнөн улам чыкты.
«Мирге» эч ким кемсинтүүчү терминдерди колдонууга тыюу сала албайт, бирок анда адамдар телеканалга карата ар кандай жол менен — бойкоттон тарта каржылоону кыскартууга чейин же болбосо телеканалды жаптырууга чейин — реакция кылышына даяр болушу керек.
Эч кимди капа кылып албаш үчүн кантип жазыш керек?
Жөн эле «кыргыз майрамы» деп жазыш керек. Бирок эгерде ал жерде бир канча маданияттын фестивалы өткөн болсо, анда «Борбор Азия элдеринин майрамы» деш керек. Же болбосо жок эле дегенде «түпкүлүктүү элдердин майрамы» деп жазыш керек, анткени бул сөз «абориген» же «туземец» деген сөздөр сыяктуу терс маанини камтыбайт.
Эң эле күлкүлүү болгон жери, бул нерсени дал ошол «Мир» телеканалы чыгарганы. Телеканал Москвада жайгашып, Орусиянын мамлекеттик бюджетинен каржыланат жана мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдө көрсөтүлөт. Постколониялык журналистиканын символу өңдөнгөн бул телеканал өз терминдерине аябай кылдат көз салып колдонушу керек болот.