Жайыл району: Соттолгондорду ташыган автозак жол кырсыгына учурап, үч адам ооруканага жеткирилди

Оштон Бишкекке жыйырмага жакын соттолгон адамды ташып келе жаткан машина Жайыл районундагы жолдо бир капталына кулап кеткен. Үч адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын (МЖАК) басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, соттолгондорду ташып келе жаткан машина бир жагына оодарылып кеткен.

«Автозакта 20га чукул адам болгон. Үч адам жабыркады, алар айдоочу менен эки соттолгон адам. Алар Жайыл районук ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы катталган жерге тергөө тобу жөнөп кетти», — деп билдиришти аталган мекеменин басма сөз кызматынан.

Учурда соттолгон машина эмне себептен оодарылып кеткени белгисиз.

Күбөлөрдүн айтымында, соттолгондор машинанын жанында башка автоунааны күтүп жатышат.

Окуя болгон жерде соттолгондорду төрт конвойчу жана патрулдук милиция автоматтар менен кайтарып турушат

Авторлошу: Даниил Хашковский

Сүрөт: Кактус