Шайлоо-2017: Сот Исаев менен Шаршекееванын БШКга каршы арыздарын кабыл алган жок

Сот президенттикке талапкерлер Канатбек Исаев менен Камила Шаршекееванын арыздарын кабыл алган жок, себеби алар сотко кайрылуунун мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен. Исаев менен Шаршекеева президенттик жарыштан чыгышты.

Жогорку сот төмөн турган инстанциядагы соттордун Исаев менен Шаршекееванын арыздарын кабыл албаганын укук ченемдүү деп токтом чыгарды. Президенттикке эки талапкер сотко кайрылуунун мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен.

Буга чейин БШК Шаршекеева менен Исаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан, анткени комиссия алардын колдоосуна чогултулган кол белгилердин көпчүлүгүн жараксыз деп тааныган.

Шаршекеева БШКга 39 миң кол белги тапшырган, бирок алардын 23 миң 901и гана анык деп таанылган. Канатбек Исаев БШКга 37 миң кол белги тапшырган, бирок комиссия анын ичинен 27 миң 221ин гана аныктуу деп тааныган.

Мыйзам боюнча президенттик кызматка талапкер болуп катталуу үчүн талапкер БШКга өзүнүн колдоосуна 30 миңден кем эмес кол белги тапшырышы керек.

Өлкөнүн президентин шайлоо 15-октябрда өтөт. Жалпысынан президенттик кызмат үчүн 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: