Ош облусу: Аял өзүн-өзү өрттөп каза болду

Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну өзүнө бензин чачып, өрттөп салды. Жабырлануучунун денесинин 80 пайызы күйүп кеткендиктен, ал ооруканада көз жумган.

Ош милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде, окуя 19-сентябрь күнү эртең менен Ош облусунун Нариман айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айлында болгонун билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 53 жаштагы аял өзүнө бензин чачып, өрттөп салган. Аны денесинин 80 пайызы күйүп кеткен бойдон ооруканага жеткиришкен, кийинчерээк ал каза болгон.

«Аялдын туугандарынын айтымында, ал психиканын бузулушу менен жабыркап, буга чейин бир нече жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул ирет бир туугандары ага көз сала албай калышкан», — деп билдиришти милициядан.

Милиция окуянын чоо-жайын текшерип жатат.

Иллюстративдик сүрөт.