Ош облусу: Жергиликтүү кеңештин депутатына кылмыш иши козголду

Ош милициясы КСДПнын Ноокат райондук жергиликтүү кеңешинин депутаты Жаныш Жусупбековго «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Жаш депутат өзүн-өзү байлап, машинанын багажнигине түшүп алып, аны уудардап кетишти деп досторуна телефон чалып билдирген.

Ош ИИМнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgнин журналистине курган маегинде, Жусупбековго досторун 23-сентябрда тамашалагандан кийин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш козголгонун айтты.

«Ал досторуна чалып, аны уурдап кетип, машинанын багажнигине таштап кетишкенин айтканда алар милицияга кайрылышкан. Ыкчам топ дароо эле колго түшүрүү планын жарыялаган. Милиция аны эки сааттын аралыгында Ошто жана анын айланасында издеп чыгышкан», — деди ал.

Сыдыковдун айтымында, Жусупбековду Оштун чет жагында автоунаада буту-колу байланган бойдон табышкан. Көрсөтмө берүү учурунда, жаш жигит досторун тамашага салгысы келгенин жана алар милицияга кайрыла турганын ойлогон эместигин айтты.

Сыдыков билдиргендей, 27 жаштагы депутаттын тамашасы милиция тарабынан «телефондук терроризм» катары бааланат.

«Биз бардык милицияны көтөрүп чыктык, ал депутат, кантип достору менен милицияга ушинтип мамиле кылсын? Мына иш козгоп туура кылышты. Чыныдыгында, мынтип тамашалабаш керек да», — деди ал.

Ошондой эле Сыдыков учурда тергөө депутаттын иш-аракеттерине юридикалык баа берип жатканын айтты.

«Бул башкаларга сабак болсун. 10 мүнөттөн өткөндөн кийин жок дегенде тамашалаганын билдирип койсо болмок, биз аны издегенди токтотот элек да», — деди ал.