Бишкек: Коомдук транспортто жүрүү кымбатташы мүмкүн

Мэр Албек Ибраимовдун пикиринде, коомдук транспортто жүрүүдөгү учурдагы тарифтер чыгашалуу. Декабрь айында шаардык кеңеш жол кирени көтөрүү боюнча маселени карайт.

Калаа башчынын айтымында, коомдук транспортто жүрүүдөгү жол кире акысын көтөрүү бензинге кеткен чыгымды жабуу үчүн зарыл.

«Бааны 12 сомго чейин жогорулатуу зарыл, жүргүнчүлөр жок дегенде айдоочулардын бензинге кетирген жана башка сарптоолорун жабуулары керек, анткени бул чыгашалуу», — деди Ибраимов.

Ошондой эле ал жеңилдиктер каралган адамдардын беш категориясына коомдук транспортто жүрүү мурдагыдай эле акысыз болуп калаарын кошумчалады.  

Мэр учурда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда коомдук транспортто жүрүү эң эле арзан деп белгиледи. КМШ өлкөлөрүндө жол киренин орточо баасы 18 сомдон 35 сомго чейин.

Учурда демилге каралууда. Бул менен бирге транспортторду жакшыртуу маселеси каралып жатат, анткени алардын дагы кызмат көрсөтүү сапаты тарифтер менен шайкеш болушу керек.

Мындан тышкары, Ибраимов бул сунуш үстүбүздөгү жылдын декабрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан карала турганын билдирди.

Учурда коомдук транспортто жүрүүнүн акысы троллейбустар үчүн 8 сом, маршруттук таксилер үчүн 10 сомду түзөт. 21:00дөн кийин маршруттук таксиде жүрүүнүн баасы 12 сомду түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: