Бабанов: Исаевди менин тарапташым болгону үчүн кармашты

Президеттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун пикиринде, депутат Канатбек Исаевди аны колдогону үчүн кармап «бийликти күч менен басып алууга» күнөөлөштү. Саясатчы билдиргендей, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Өмүрбек Бабановдун аты аталган бир нече ызы-чуулардан кийин президенттикке талапкер маалымат жыйынын курду.

Анын айтымында, ал президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн өлкөдө саясатчыны каралап жана чагымчылдык уюштурууга аракеттенген адамдардын тобу бар.

«Соңку окуяларга бардыгы күбө болду. Менин президент Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушума таптакыр туура эмес түшүнүк берилген. Кечеки менин тарапташым Канатбек Исаевдин кармалышы — мунун баары бир эле нерсеге байланыштуу», — деди Бабанов.



Бабанов Канат Исаевдин кармалышына комментарий берип жатып бул нерсе болмок эмес эгерде депутат аны колдобосо деп айтты.

Саясатчы билдиргендей, депутаттын күнөөсү азырынча далилдене элек, ал эми өлкөдө анын күнөөсү бар же жогун сот аныктайт.

«Мен Канатты тааныйм, ал мыйзамды жакшы билген абдан принципиалдуу адам. Адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктай алат. Эгерде Канат Кедейканович мени колдобогондо, мен анын мындай көйгөйлөрү болмок эмес деп эсептейм», — деди Бабанов.

Исаевдин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Исаевди 30-сентябрда кармаган.

Укук коргоо органдары ага каршы «бийликти күч колдонуп басып алуу» аракети үчүн кылмыш ишин ачты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган»

Алардын оюнча, Исаев менен анын шериктери президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына тартышмак. Ал эми андан кийин каршылык билдирүүлөр массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн болчу.

УКМКнын божомолдошунча, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак.

Кылмыш иши «калыс жана ар тараптуу» иликтениши үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Канатбек Исаев деген ким?

Исаев — Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири жана «Кыргызстан» партиясынын мурдагы башчысы. Саясатчы 2016-жылы Баш мыйзамга түзөтүүлөрдүн киргизилишине каршы чыгып, реформа боюнча талаш-тартыштардын жүрүшүндө аны башкарбай калган.

Исаевге башка кылмыш иши козголгон. Аны коррупция, жасалма келишимдерди түзүү жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатууга айыпташкан.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, 2010-жылдын апрелинде ал Токмокто автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүп, мамлекетке бир миллион сомдон ашуун чыгаша келтирген.

Ошондой эле, ал 700 миң сомдон ашуун сомго жасалма келишим түзүү боюнча айыпталган. Тергөө аны жатакананын имаратын мыйзамсыз сатуу боюнча айыптаган. Бул келишимден мамлекетке келтирилген чыгаша эки миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Канатбек Исаев өзү бул дооматтарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирген.